ЧУКУЛ КАБАР: Temirov Live каналынын кеңсесине милиция кызматкерлери келди

Жаңылык жаңыртылып турат.

Temirov Live каналынын кеңсесине милиция кызматкерлери келди. Белгилүү болгондой, иликтөөчү журналисттерге укук коргоо органдын кызматкерлери келип, кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылып жатат.

Журналист Актилек Капаров саат 19:00дө редакциядан чыгып кофе алып келүү үчүн жөнөгөндө Temirov Live’дын кеңсесине атайын кийимчен эркектер киргенин айтып берди. Ал кайра кеңсеге кире алган эмес, ушул тапта «Клооптун» журналисттери менен бирге окуяга байкоо салып турат. Кеңсени беткапчан кишилер овчарка породасындагы ит менен кайтарып турушат. Биздин журналисттерди ал жакка киргизишкен жок.

Temirov Live’дын иликтөөсү

20-январда Темиров Live’дын журналисттери УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар компанияга эки күндө эле 37 миллион сом киреше алып келген «Ташиевдердин схемасы» тууралуу сөз кылган иликтөөсүн жарыялаган.

Журналисттер «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясын Ташиевдин жээни, 31 жаштагы Байгазы Матисаков жетектеп жатканын ачыкташты. Матисаков бул кызматка 2020-жылы бийликке учурдагы президент Садыр Жапаров келгенден кийин дайындалган.

Буга чейин заводду Нурлан Максутов жетектеп келген — ал жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Ал эми «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКы «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасына таандык.

«“Кыргыз Петролеум Компани” “Кыргызнефтегазга” тиешелүү жападан-жалгыз нефтини кайрадан иштетүүчү ишкана. Эки ишканада тең мамлекеттин үлүшү бар. Заводдо Кыргызстанда казылып алынган нефть кайра иштетилип, дизель, бензин, мазут өндүрүлөт», — деди иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 18-декабрында жумушчу сапарынын алкагында аталган ишканага барган. Анда ал «Кыргыз Петролеум Компани» 2020-жылы 47 млн сом зыян тартса, 2021-жылы ишкананын таза кирешеси 160 млн сомду түзгөнүн билдирген.

«Регион ойлдун» жетекчиси Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышын четке какты

Жалал-Абадда официантты сабаган киши менен Ташиевди эмне байланыштырат?

Temirov Live: Камчыбек Ташиев «Ала Арча» резиденциясында жашап жатат