«Абсурд». Адвокат Токтакунов Темировду кармоо үчүн даярдалган маски-шоуну сынга алды

Адвокат Нурбек Токтакунов Болот Темировдун кармалышы — абсурд деп билдирди.

«Кимдир бирөө РИИБге келип бир нече ай мурда мени баланча деген киши баңгизат колдонууга мажбурлаган десе, бир дагы акыл–эстүү милиционер чуркап келип тинтүү жасап, маска-шоу уюштурбайт. Ал сурайт: “Сен кимсиң?” “Ал ким?” […] Эгер алар терроризмге каршы, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөн болсо, анда түшүнсө болот, бирок бир адам келип иликтөөнү суранганда бир да акыл-эстүү милиция дароо тинтүү тууралуу буйрук чыгарбайт», — деп белгиледи жактоочу.

Токтакунов тинтүү учурунда укук коргоо кызматкерлери алгач токтомду көрсөтүп, андан кийин тыюу салынган буюмдарды алып чыгууну суранат деп белгиледи.

«Эгер алар жулкунуп кирип, дароо эле жерге жыгып жатышса, демек салып койгону 100% белгилүү. Бул баңгизат салып коюу үчүн жасалат. Баңгизатты чөнтөгүнө салып коюшканын, ал эч качан аны колдонбогонун жана ага тиешеси жок экенин мага Болот Темиров өзү айтты», — деди Токтакунов.

Анын айтымында, мунун баары компьютерлерди, дисктерди тартып алуу максатында жасалган.

«Ал [Темиров] бир иликтөөнү чыгарып үлгүргөнүн жана жаңы иликтөөсүн жарыялоого даярданып жатканын айтты», — деп кошумчалады Токтакунов.

Болот Темировду наркологияга алып кетишкен. Жактоочу экспертизанын жыйынтыгынан күмөн санап жатканын билдирди.

Буга чейин Бишкектин укук коргоо кызматкерлери иликтөөчү-журналист Temirov LIVE’тын кеңсесине кирип барып, аларды жерге жаткырып тинтип Болот Темировду кармап кетишкен. Ал башка журналисттер менен бирге эки сааттай кармалып турган кеңседен чыгып баратканда: «Мага салып коюшту», — деп айтканга үлгүргөн.

Ошондой эле, Temirov Live’дын кызматкерлери Болот Темировдун чөнтөгүнө белгисиз баштыкчаны салганын көрүшкөн. Укук коргоо органдары кеңседен компьютердин процессорун, хард-дисктерди, документтерди, камераларды алып чыгып кетишкен.