Текебаев Болот Темировдун кармалышы тууралуу: Бир жолу мага да баңгизат салып коюшкан

Оппозиционер, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча комментарий берди.

«Бир жолу мага да баңгизат салып коюшкан — 2006-жылы “матрешка-гейт” деген иш болгон. Бактым бар экен: аэропорттун видеокамералары баңгизатты салган фактыны тартып калган жана ал кездеги эркин Жогорку Кеңеш депутаттарга көрсөткөн. Мындан тышкар, Польшанын соту мунун баары жасалма жана оппозициялык саясатчыга карата куугунтук катары тааныган. Эгер бүгүн мен Болот Темировду коргоп бир сөз айтпасам, анда ошол кезде чындыкка жеткен үзөңгүлөштөрүмдүн элесине чыккынчылык кылган болом. Алардын бири Болот Шер аркы дүйнөгө кетти. Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров ал кезде депутат болуп, бул окуяны жакшы билишет. Алар мага боору ооруганын жеке өзүмө айтышкан», — деп айтты саясатчы.

Текебаев сөз эркиндиги эзелтен эле кыргыз элинин канында болгонун айтты. Ар бир президенттин тушунда эркин пресса болду жана аларга басым жасоо аракеттери жокко чыгарылды.

«Мындан тышкары биздин медиа дайыма өкмөт, мамлекеттик органдар аткарышы керек болгон иштерди аткарып келген. Элге маалымат берип, иликтөө жүргүзүшүп, коррупция менен күрөшүштү. Ошентип бийлик сөз менен жарыялаган программаны алар ишке ашырышты.

Болот Темиров, Али Токтакунов жана маркум Улан Эгизбаев жана жана башка көптөгөн журналисттер — коомубуздун тазартуучулары», — деп эсептейт оппозиционер.

Текебаевдин пикиринде, журналисттердин оозун жабууга болбойт. Эгер биринин оозун басса да — башкасы сөз эркиндиги үчүн күрөшөт.

«Мен буга чейинкилердин катасын кайталабоого чакырам. Бул эч качан жакшылык менен бүтпөйт. Тарыхтын сабактарын, өзгөчө акыркысын эстешибиз керек. Кыргыз жеринде Жаңыл Мырзадай биздин жигит-кыздарыбыздын оозун эч ким жаба албайт», — деди Текебаев.

Журналист Болот Темиров УКМКнын башчысы Качыбек Ташиевдин жээни тууралуу иликтөөнүн биринчи этабы жарыялангандан кийин кармалган. Темиров ага баңгизат салып коюшканын айткан — наркология бөлүмүндө анын канынан баңгизат табылган эмес.

Укук коргоочулар журналист баңгизат менен кармалганын айтышканы менен анын кеңсесиндеги баардык компьютерлерди алып кетишкен — бул анын иликтөөсүнө түздөн-түз тиешеси бар. Белгилүү болгондой, Болот Темиров Ташиевдердин үй-бүлөсүнө байланышы бар иликтөөнүн экинчи бөлүгүн жарыялоонун пландап жаткан.