Башкы прокуратура мамлекетке 170 млн сом зыян келтирген бажычыларга кылмыш ишин козгоду

Бажы кызматынын кызматкерлери транспорт каражаттарды ташыган ишкерлер менен «укукка жат туруктуу байланышта болушуп», мамлекетке 170 млн сомдук зыян келтирди. Бул тууралуу 25-январда Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, бажы органдарынын кызмат адамдары «материалдык каражат жана артыкчылыктарды табуу максатында» 2019-жылы Кыргызстанга алынып келинген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтерди колдонуу менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөн.

«Белгиленген мыйзамсыз аракеттерден улам республиканын бюджетине 170 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгендиги такталды», — деп билдиришти көзөмөл органдан.

Башкы прокуратура аталган фаты боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Иликтөөнү мекеменин тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамекеттик комитети Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду «коррупцияга» шектеп кармаган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, бажынын жетекчилиги «товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөп, бажылык тариздөө мыйзамын одоно бузуу менен аларга жеңилдетилген шарттарды түзүп берген». Атайын кызмат бажычылар мындай схеманы «такай пара алып туруу үчүн» жасаганы далилденгенин белгилеген.

Бажыдагы коррупция

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын эң эле коррупциялашкан ведомство деп баа беришкен.

*Кошумча: Мамлекеттик органдардагы коррупция -100дөн +100гө чейинки балл менен эсептелген.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, бажыдагы коррупциянын деңгээли -16 көрсөткүчүнө бааланган. 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата сурамжылоо боюнча дагы бажы кызматы эң төмөн рейтингге ээ болгон. Анда кыргызстандыктар ведомствонун коррупциялашканын -15,4 баллга баалашкан.

Бажы кызматы коррупциялык жаңжалдарга бир нече жолу катышканы айтылган, алардын бирөөсү бажы башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго байланыштуу. Ал тууралуу OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооптун» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөдө Матраимовдун Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орусияга жана Борбор Азияга алып барган көмүскө карго империясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен байланышы тууралуу айтылат.

2019-жылдын ноябрь айында киши колдуу болгон журналисттердин маалыматчысы Айеркен Саймаити Абдукадырдын 700 млн доллардан ашык акчасын адалдаштырууга жардам бергенин мойнуна алып, көмүскө бизнестин иштеп турушун мүмкүн кылган бажыдагы коррупцияны Матраимов калкалап турганын билдирген.

Мындан иышкары, иликтөөдө Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайдагы курулуш долбооруна кандайча инвестор болуп кошулуп калганы тууралуу айтылган.