«Коррупцияга» шектелген бажы башчысы Адилет Кубанычбеков эки айга камакка алынды

Адилет Кубанычбеков

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-январда Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Кубанычбеков УКМКнын тергөө изоляторунда кармалат. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Кубанычбеков абакта 17-мартка чейин болот. Ал эки күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан «коррупцияга» шектелип кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бажынын жетекчилиги «товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөп, бажылык тариздөө мыйзамын одоно бузуу менен аларга жеңилдетилген шарттарды түзүп берген». Атайын кызмат бажычылар мындай схеманы «такай пара алып туруу үчүн» жасаганы далилденгенин белгилеген.

Мындан сырткары, УКМКдан бажынын жетекчилиги «мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып, жеке баюу максатында Тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн бажы кызматтарынын баасын ашыра баалаган» деп билдиришти.

Кубанычбеков кармалгандан кийин УКМКнын имаратынын алдында 70ке чукул киши митингге чыгышкан. Алар Кубанычбековду боштонууну талап кылышкан.

Адилет Кубанычбеков бул кызматка 2021-жылдын октябрь айында дайындалган. Ал эми Factcheck.kg басылмасы Кубанычбековдун атына алты компания катталганын, анын бешөө ишмердүүлүгүн улантып жатканын аныктаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Factcheck.kg: Бажы кызматынын төрагасы ири ишкер болуп чыкты, ага алты компания катталган