Орозайым Нарматова: Келерки беш жылда дагы бир дипломдуу болуп кайтып келем

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партиясынын экс-депутаты Орозайым Нарматова парламенттеги мандаты Айгул Айдаровага өткөрүлгөнү боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Нарматова Фейсбук барагында жазды.

Нарматова мандаттан ажыратылганына байланыштуу сотко кайрылбаганынын бирден бир себеби — Айгүл Айдарова экенин айтты. Анын айтымында, «жаңы депутат айым өзүнө караганда күчтүү, билимдүү, мамлекеттик кызматта иштеген дасыккан адис».

«Бүгүн менин партиялашым, пикирлеш эжекебиз Айгүл Айдарова кезектеги депутат болуп катталды. Мен келерки беш жылда, Айгүл эжемдин жашына жеткенче дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем», — деп жазды ал.

Нарматованын айтымында, соттошуудан баш тартканына карабастан башында Исхак Масалиев турган «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын аксакалдары мыйзамдуулук жогору турушу керек деп чечип, тийиштүү органга кайрылышкан. Ал мындан кийинки териштирүүлөр мыйзамдын алкагында уланарын дагы белгиледи.

«Мага "эми эмне менен алек болосуң" деген суроолорду берип жатасыздар. Мен ден соолугумду чыңдап, саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын деп жатам. Жакындарымды жоготкондон бери моралдык жактан кыйналып кеттим, мага дем керек болууда, бирок ар дайым эфирде болом», — деп түшүндүрдү Нарматова.

Экс-депутат Айдаровага ийгилик каалап, эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясы трибунадан мыйзам үстөмдүгү кандай болушу керектигин көрсөтөрүн айтты.

25-январда БШКнын жыйынында Жогорку Кеңешке «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан жаңы депутат Айгүл Айдарова келери белгилүү болгон.

Ал партиялык тизмеде кийинки сапта болчу, ал да аял киши, андыктан мыйзам боюнча Нарматованын мандаты Айдаровага өттү.

Айгүл Айдарова Чүй ОИИБде тергөөчү болуп иштеген. Парламенттик шайлоодо милициянын тергөөчүсү 546 добуш алган.

Нарматова дипломунан ажыратуу

Борбордук шайлоо комиссиясы 25-январда Жогорку Кңештин депутаты Орозайым Нарматованын депутаттык каттоосун жокко чыгарып, мандатынан ажыраткан. Мындай чечимди Боршайком УКМКнын жана Билим берүү министрлигиндеги маалыматына таянып чыгарган. Алардын маалыматына ылайык, Нарматова жогорку билими тууралуу дипломун мыйзамсыз алган.

Нарматова өзү «мандатын мыйзамсыз тартып алышканын, сот адилеттигине ишенбегендиктен БШКнын чечими боюнча сотко кайрылбай турганын» белгилеген.

20-январда президент Садыр Жапаров УКМКга бардык аткаминерлердин дипломун текшерүүнү тапшырган. Андан тышкары, чиновниктерде чет өлкөнүн жарандыгы бар-жогун да текшерүүнү буйруган.

Масштабдуу текшерүү 24-январда башталган, ал үч айга созулат. Рейддин алкагында чиновниктердин жеке маалыматтары жана алган билими тууралуу документтери текшерилет.

Буга чейин УКМК жасалма диплому бар мамлекеттик кызматкерлерди өз каалоосу менен кызматын тапшырып кетүүгө чакырган. Антпесе кылмыш ишин козгоого чейин тиешелүү чаралаш көрүлөрүн убадалашкан.