«Диплом иши». БШК Орозайым Нарматованын каттоосун жана мандатын жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарды.

Отурумда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Орозайым Нарматова «орто кесиптик билими боюнча аттестатын көрсөтө алган жок» деп билдирди.

Жыйынга катышкан Нарматованын өкүлү Мирлан Ураимов отурум тууралуу эрте айтылганда ал өзү катышмак деп билдирди. Ошондой эле, ал орто кесиптик билимди Орусияда окуп алганын белгилеп, ал жактан аттестаттын көчүрмөсүн алдырууга аракет кылып жатышканын айтты.

«Эмне үчүн Нарматовада күнөө бар? Ал өзү Москвадага Бизнес коллежде окуган.Биз азыр ошол дипломду архивден алдырганга аракет жасап жатабыз. Бул жерде Жалал-Абад университетинин өкүлдөрү бул документтердин баарын жок кылып салышкан. Эмне болуп жатканын биз түшүнбөй жатабыз. Бизде азыр дипломдун көчүрмөлөрү дагы жок, себеби 2011-жылы алган», — деди ал.

Нарматова өзү Фейсбук барагында БШКнын чечими боюнча комментарий берди. Ал чечимди «абдан күлкүлүү» деп баалап, «биротоло паспортумду деле мыйзамсыз алган деп жокко чыгарып коюшпаптыр» деди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекетинин комитети менен Билим берүү жана илим министрлиги БШКга Нарматованын жогорку билими тууралуу маалымат берген. Ошонун негизинде Боршайкомдун мүчөлөрү жыйынга чогулган.

Орозайым Нарматованын дипломуна байланыштуу кылмыш иши

2020-жылдын 14-январында Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылган. Эртеси күнү анын атасы да сурак берип чыккан. Атайын кызмат «Бүтүн Кыргызстандын» депутаты Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУга) «мыйзамсыз кабыл алынганы фактысы» боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон.

УКМК Нарматованын 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска «мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу» маалыматты парламенттик шайлоо учурунда алганын билдирген.

«Тергөө учурунда ЖАМУда сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Орозайым Нарматова Орусиянын аймагында болгону аныкталды. Демек, Орозайым Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет», — деп кабарлашкан мекемеден.

Шайлоо мыйзамына ылайык, жашы 25тен өйдө, жогорку билим бар адам Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Депутат Өрозайым Нарматова өзү дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын билдирген. Ал шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгилеген.

Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы ага карата «каралоо аракети» болгонун айткан.

Анын айтымында, ал убакта «Нарматова БШКга фальсификация кылып документ тапшырды деген доомат менен “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон алып салуу аракеттери болгон».

«Ошондо да койгон дооматтары орунсуз экени далилденип, уят болушкан. Эми каралоого доо таппай, эптеп өч алуу максатында өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу "сындырып, уят кылабыз" дегендей сыяктанат. Андан башка себеп жок», — деп билдирген Нарматова.

Орозайым Нарматова Садыр Жапаров куугунтукталып жүргөндө анын тарапташы болчу. Ал Жапаровду чет өлкөдө жана абакта отурганда дагы колдоп жүрчү. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келгенде активист Нарматова Жапаровдон «көңүлү калганын» билдирип, жүргүзгөн саясатын кескин сынга алган.

2021-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Нарматова оппозиячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бирге парламентке депутат болуп келген. Аларга Жогорку Кеңештен 6 мандат тийген.

Авторлору: Элвира Султанмурат кызы, Дилде Шатанова