20-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бардык денгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломун жана кош жарандыгы бар-жогун текшере турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКга тиешелүү тапшырманы президент Садыр Жапаров берди. Текшерүү үстүбүздөгү жылдын 24-январында башталып 3 айга созулат.
«Акыркы жылдары жасалма диплом менен мамлекеттик кызматка орношуу фактысы көбөйгөнү байкалууда. Ал коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда», — деп жазылат билдирүүдө.
УКМКдан облус, район жана айыл аймактардын башчыларын, министрлик, ведомство, министрлер кабинетинин, президенттик администрациянын кызматкерлерин, жергиликтүү, шаардык жана парламент депутаттарын, укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрүн текшерүү пландалганын кошумчалашты.
Атайын кызмат, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, депутаттардын жасалма диплом алганы аныкталса, ээлеген кызматын өз ыктыяры менен бошотуп берүү маселеси караларын эскертти.
Ошондой эле, ведомство жасалма диплом менен кызматка келгендер тууралуу коомчулукка мааламат берип турууну убадалады.
Буга чейин бир нече саясатчылар «мыйзамсыз диплом алууга» айыптылып, айрымдарына кылмыш иши козголгон. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова, мурдагы депутат Рыскелди Момбеков жана парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон Кыянбек Сатыбалдиев дагы бар.
Орозайым Нарматованын диплому
Буга чейин, 14-январда Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылган. Ошол эле күнү комитет «Бүтүн Кыргызстандын» депутаты Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУга) мыйзамсыз кабыл алынган фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
УКМК Нарматованын 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска «мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу» маалыматты парламенттик шайлоо учурунда алганын билдирген. Мындан тышкары, атайын кызматка «Орозайым Нарматова ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берген ыктымалдыгы тууралуу да» белгилүү болгон.
Депутат Өрозайым Нарматова өзү дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын билдирген.
Депутат шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгилеген. Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы каралоо аракети болгонун кошумчалаган.
Шайлоо мыйзамына ылайык, жашы 25тен өйдө, жогорку билим бар адам Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.
Момбеков жана «Жасалма диплом» иши
2021-жылы парламенттик шайлоонун алдында БШК Рыскелди Момбековдун жогорку билимин тастыктаган «биринчи диплому жасалма, экинчи диплому мыйзамсыз алынганы» кабарлаган.
Момбековдун биографиясына ылайык, ал 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Анткен менен окуу жайдан Момбеков ал жерде билим албаганын маалымдашкан.
Ал эми 2011-жылы Момбеков ушул диплом менен Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияга тапшырып, 2014-жылы экинчи жогорку билимге ээ болгон. УКМК талапкер биринчи диплому жок экинчисин ала алмак эмес деп эсептеген.
Ага ылайык БШК Момбековдун каттоосун жокко чыгарган. Ал эми Момбеков Боршайкомдун чечимине каршы сотко даттанып, Бишкек шаарынын административдик соту анын каттоосун калыбына келтирген.
Ал эми Момбеков анын 2003-жылкы диплому жана дипломатиялык паспорту 2020-жылдын жылдын октябрь окуяларында «сейфинен уурдалганын» билдирген. Депутат бул боюнча ИИМге арыз менен кайрылганын да белгилеген.