«УКМК өтө эле уят болууда». Бекешев иликтөөчү журналисттердин куугунтукталышы боюнча

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында УКМКны Temirov live’дын журналисттерин куугунтуктоого колдонуп жаткан ыкмалары үчүн сынга алды. Буга чейин Temirov live’дын журналисттери атайын кызматтын башчысынын үй-бүлөсүнө байланыштуу иликтөө чыгарышкан болчу.

«Журналисттер иликтөө кылганда, иликтөөгө адамча жооп берүү керек. Туура эмеспи, жалганбы. Анын ар кандай методдору бар: пресс-конференция бериппи, пресс-релиз бериппи. А бирок журналисттерге басмырлоо кылып, жеке жашоону тартып, видео тасманы чыгарып, биз ошол деңгээлге түшпөсөк. Чындыгында УКМК өтө уят эле болуп атат. Ошондуктан мен ушул бийликте болгон УКМК, Башкы прокуратурага айтат элем, кичине цивилдүү ыкма менен [иштесек]», — деди парламент депутаты.

20-январда TemirovLive ютуб каналында «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы» аталышындагы журналисттик иликтөө жарыяланган. 21-январда иликтөө тууралуу көптөгөн ЖМКлар жазып чыккан.

22-январь күнү кечинде Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзүшкөн. Журналисттердин жана Болот Темировдун өзүнүн айтымында, алар арткы чөнтөгүнө баңгизат салып, андан кийин аны баарына көрсөтүп алып чыгышкан.

Темиров бир ором баңгизат үчүн кармалганы менен редакциядан компьютер жана техникаларды дагы алып кетишкен. Ошол эле убакта Темировдун кесиптеши — Камчыбек Ташиев тууралуу материалды төкмөлүккө салып айтып берген акын Болот Назаров жоголгон.

Көрсө, Назаров дагы кармалган экен — милициянын маалыматына ылайык, андан да баңгизат табылган. Назаров ага да баңгизат салып коюшканын айтууда.

Башында милиция бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында аны баңгизат колдонууга көндүрүүгө аракет кылганын айтты деп билдирген. Журналисттердин офисине басып кирүү учурунда боз үйдүн алдында баңгизат сунуштаган киши Болот Темиров экени айтылган. Кийинчерээк расмий маалымат өзгөртүлгөн.

Ошол эле күнү кечинде Камчыбек Ташиевдин тарапташы бир кыз бульбулятордо белгисиз зат даярдап, Назаровго чектирип жатканы тартылган видеону чыгарган. Окуя эки тараптан тартылган. Бул видеону Садыр Жапаровдун дагы тарапташы бөлүшүп, ошол эле күнү аны экөө тең кайра өчүрүп салышкан.

23-январда журналисттер менен акындар Болот Темиров менен Болот Назаровду колдоп митинге чыгышкан. Иликтөөчү-журналисттердин командасы аңдууга кабылганын жана редакция мүчөлөрүнө коркутуулар болгонун айтышкан.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда басма сөз жыйын куруп, журналист Болот Темиров жарыялаган иликтөөдөгү маалыматтарды «жалган жалаа» деп атап, Temirov live’дын иликтөөсүндөгү компания кандай иштей турганын тактага чийип көрсөтүп берген.

23-январга караган кечте Камчыбек Ташиев Фейсбукка пост жарыялап, эч нерсе уурдабаганын, 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин «Кыргызнефтегаз» мамишканасынын туундуу фирмасы «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясын жетектеп калган жээни Байгазы Матисаковду мактап жазган. Матисаков Temirov live’дын иликтөөсүнүн каарманы болгон.

«Өздөрү коомго, мамлекетке пайдалуу эч кандай иш аткарышбайт да иштеген адамдарды көрө албагандар ар түрдүү ушактар менен алектенип келишет», — деп жазган Ташиев. Ал эми Матисаковдун чынчылдыгына аргумент катары «жээним ичпейт, чекпейт, беш маал намаз окуган адам» деген мүнөздөмөсүн берген.

Ушундай эле мүнөздөмөнү ал басма сөз жыйында дагы колдонгон.

«Журналисттер ошону кубатташыңар керек, молодец, биздин товар башка өлкөлөргө кетип атыптыр, алакабыз бар экен, ишеничтүү ишкерлерибиз бар экен деп. Сүйүнүштүн ордуна биз буларды эмне үчүн кымбат сатып атасыңар деп урушуп атабыз», — деген Ташиев.

Ташиевдин пресс-конференциясынан кийин президент үзөңгүлөшүн колдоп, Темиров менен Назаровдун «иши бейтарап караларын» убадалап, ал эми журналисттерден жалган жалааны жарыялабоону суранган.

Ташиев коомчулукка мындай версияны айткан: октябрь айында эле Назаров бир кызды Сухомилинов көчөсүнүн боюндагы боз үйдө баңгизат чегүүгө көндүргөн. 22-январда кыз милицияга кайрылган, ошол эле замат журналисттер кармалган. Баңгизат журналисттердин кеңсесинде да сунушталганы ыктымал.

Бишкек ШИИБдин алдында акынды колдоо митинги өткөн. Митингге катышкандардын арасында төкмө акындар да болгон, алар комуз менен бийликтин чектен чыгуусу жана Болот Назаров менен Болот Темировдун кармалышы тууралуу ырдашкан.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев алгач төкмө акынды наркоман деп атаган, митингчилердин нааразычылыган кийин гана Назаров шектүү экенин моюндаган.

Андан соң Болот Темиров да, Болот Назаров да үй камагына чыгарылган. Сот алардын камалышын мыйзамдуу деп тааныган.

24-январда Темиров менен Назаровду колдоо митингине катышкан эки активист кармалып, кийин айып тагылбастан бошотулганы белгилүү болгон. Журналисттерди колдоо митингинин катышчуусу — депутат Дастан Бекешев дагы — Болот Темировду жана анын командасын УКМКнын жана милиция кызматкерлеринин таасиринен коргоону суранып Башкы прокуратурага кайрылган. Ошондой эле, ал Темиров жана Назаровдун ишин карап чыгып, Temirov Live командасынын иликтөөсүндө келтирилген фактылар боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзүүнү жана ага укуктук баа берүүнү өтүнгөн.

Укук коргоочулар Temirov Live’дын кеңсесиндеги тинтүүнү жана кармоону «журналисттерди коркутуу үчүн саясий күч пайдаланылган жагымсыз прецендент» жана сөз эркиндигине карата кысым деп аташкан. Алар парламенттен иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалуу фактысынын мыйзамдуулугун иликтөөнү көзөмөлгө алуусун суранышкан.

Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров «Вечера трудного дня» берүүсүнүн эфиринде кармоонун чоо-жайын айтып беришкен.

Эфирде Болот Темиров артынан аңдышканын, уктоочу бөлмөсүнөн камера таап чыгышканын айтып берген. Ал эми Назаров өзүнө каршы арыз жазган кыз тууралуу айтып, ал күйөрманы экенин жана сценарий жазууга жардам сураганын жана бульбулятор колдонуп көрүүнү сунуштаганын билдирген.

Кийинчерээк акын өзүнчө кайрылуу жасап, арыз жазган кызды «агент», ал эми бульбуляторду атайын кызмат уюштурганын театр деп атаган.

Социалдык тармактарда фейктер жана тайпалар Назаров боз үйдүн жанында чегип жаткан видеону жайылтышкан — кыязы, укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө айтылган боз үй болушу мүмкүн. Мындан тышкары, Temirov Live’га «грант берген» эл аралык уюмдар тууралуу маалыматтар жарыяланган.

25-январда фейктер жана түрдүү тайпалар редакциянын кызматкеринин жашыруун камерага тартылган видеосун жайылтышкан. Кыз коомдун жемесине кабылып, видео Фейсбуктан өчүрүлгөн.