Курулушу бүтпөгөн бала бакча: Ат-Башыда эки аткаминер жана «Авангард-Стройдун» ээси кармалды

Ат-Башы айылындагы бала бакча. Сүрөт: «Клооп»

Нарын облусунун Ат-Башы айыл аймагынын эки жооптуу кызматкери «Ч.К.Ч.», «Ж.Т.Д.» жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын ээси «Т.Т.С.» кармалды. Бул тууралуу 27-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик кызматкерлер «үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп», бала бакчанын курулушу аяктай элек эле «Авангард-Строй» компаниясынын эсебине 20 млн сомдон ашуун каражат которуп салган.

«Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Шектүүлөр Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бирок аларга кайсы берене менен айып тагылып жатканы тууралуу маалымат берилген жок.

Юстиция министрлигинин реестринде «Авангард-Строй» компаниясынын ээси катары Теңизбек Темиралиев көрсөтүлгөн. Ал эми «Ч.К.Ч.» инициалдарына Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Кубан Чоробеков, «Ж.Т.Дга» мекеменин бухгалтери Тилек Жусубалиев туура келет.

Буга чейин «Клооптун» журналисттери Ат-Башы айылында 2015-жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан бала бакча тууралуу макала жарыялаган. Анда Ат-Башы айыл өкмөтү курулуш иштерине жарыялаган 23 млн сомдук тендерди дал ушул «Авангард-Строй» ЖЧКсы утуп алганы белгилүү болгон.

Жаңы курулуп жаткан бала бакча 120 орунга ылайыкташат деп пландалган. Курулуш иштери бир нече жылга созулуп, 2020-жылы анын чатырын шамал учуруп кеткен.

Ал эми «Авангар-Строй» компаниясы буга чейин да Нарындын аймагындагы тендерлеге катышып жүргөн жана ишкананын жетекчилиги финансылык бузууларга шектелген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нарын: Курулушу бүтпөй жатып чатырын шамал учурган Ат-Башыдагы бала бакча