ӨКМ: Кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдардан 1 470 тургун эвакуацияланды

Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдардан 1 470 тургун эвакуцияланды. Бул тууралуу 28-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, тургундардын 1200ү тааныштары жана туугандарынын үйлөрүндө жайгашкан. Алардын көбү Лейлек районунун Маргун, Баткен районунун Рават айылдарына жана Баткен шаарына көчүрүлгөн.

Ал эми 270 киши убактылуу жайгаштыруу борборлордо жайгашкан — алардын 104ү аял, 19у эркек жана 147си жаш бала. Баткен шаарында эвакуациялангандар үчүн 600 кишиге ылайыкташкан алты убактылуу жай ачылды.

«Учурда чатырлар, ысык тамак жана ичүүчү суу, медициналык жардам жана эвакуациялоо үчүн транспорттун саны жетиштүү [...] Медицина кызматкерлери убактылуу жайгаштыруу пункттарында тынымсыз көзөмөл жүргүзүүдө. Баткен облустук ооруканасы да 24 саат бою иштеп, керектүү адистер жана дары-дармектер менен камсыздалган», — деп билдиришти ӨКМден.

Министрликтен калкты эвакуациялоо үчүн 23 техника — КамАЗ, куткаруучу унаа жана спринтер тартылганын кабарлашты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар үчүн 10 орундуу 25 даана, 30 орундуу үч даана чатыр даярдалган.

Мындан сырткары, ӨКМден эл аралык «Кызыл Жарым Ай» уюму олуттуу жардам көрсөтүп, 450 литр дизель майын бөлүп бергенин кошумчалашты.