Ошто окуучусун сабаган мектеп директору кызматынан бошоп кетти

Оштун Кара-Суу райондагы Алишер Навои атындагы №83 мектептин директору өзү тарабынан сабалган окуучунун ата-энеси милицияга кайрылгандан кийин кызматынан бошоп кетти. Маалыматты 24.kg сайтына акимиаттан тастыкташты.

Буга чейин Ош ОИИБи мектеп директору дене тарбия сабагында 8-класстын окуучусун сабаганын билдирген. Ал дене тарбия сабагынын мугалими болуп да иштеп жүргөнү маалым болгон.

Жабырлануучунун апасы милицияга арыз жазып кайрылган. Териштирүү маалында «Т.А.» атуу мектеп окуучусу милицияга дене тарбия мугалимине «буттары ооруп, сабакка катыша албастыгын айтканда, мугалим аны сабап салганын» айтып берген. Бул үчүн мугалим аны чапкылап жана тепкилеп токмоктоп салган. Окуядан кийин баланы үйүнө классташтары жеткирип барган. Кийин окуучунун сол бутунун тизе тушу сынганы билинген.

Облустук милиция күбөлөр дагы ушундай эле көрсөтмө беришкенин белгилеген.

«Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошонун негизинде кайсы берене боюнча кылмыш иши козголоору чечилет», — деп билдиришкен Ош ОИИБнен.