Акыркы суткада коронавирустан төрт адам каза болуп, 205 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 31-январга карата COVID-19 жуктурган төрт адам каза болду, жуктуруунун 205 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

  • Бишкек шаарында — 123;
  • Чүй облусунда — 26;
  • Ысык-Көл облусу — 23;
  • Баткен облусунда — 13;
  • Жалал-Абад облусунда — 10;
  • Талас облусунда — 3;
  • Ош облусу — 3;
  • Ош шаары — 2;
  • Нарын облусунда — 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 198 316 жетти.

Акыркы суткада 596 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ал эми пандемия башталгандан бери вирустан айыккандардын жалпы саны 187 596га жетти.

Коронавирустан жалпы 2 880 адам көз жумду. Учурда 1 080 бейтап ооруканада, ал эми 5 238 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.