ЖМК: Алдамчылыкка шектелген БШКнын мүчөсү Бакыт Эшимов ишин улантып жатат

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдамчылыкка шектелген мүчөсү Акылбек Эшимов БШКда ишин улантып жатат. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар маалымдады.

«Акипресс» агенттигинин маалыматына ылайык, Эшимов Боршайкомдун январдагы эки жыйынына катышкан. Январдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Эшимовду эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон — бул тууралуу адвокаты Жыргалбек Бабаев 24.kg басылмасына билдирген.

2021-жылдын сентярындаУКМКнын кызматкерлери Эшимовду алмалчылыкка шектеп кармаган. Ал убакта атайын кызмат Эшимов «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири менен парламент депутаттыгына талапкерлердин биринен 550 миң доллар алганын маалымдаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, акчаны алар кандидаттын ысымын 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо аталган партиянын тизмесинде «биринчи бештикке киргизүү үчүн» алышкан.

«БШКнын мүчөсү жана партиянын лидерлеринин бири өзүнө алган милдетти аткара албай, А.Д аттуу талапкерге 300 миң долларды кайтарып берип, анын 250 миң долларын өзүнө алып калган», — деп УКМКдан билдиришкен.

Андан кийин Башкы прокуратура Эшимовго «өзгөчө ири көлөмдөгү алдамчылык» беренеси менен шектелип жатканы тууралуу билдирме жиберген.

2021-жылы декабрда Эшимов отставкага кетүүгө арыз жазып, бирок январда ал бул оюнан кайтып, кызматтан кетүү тууралуу арызын кайра чакыртып алган.