«Алдамчылыкка» шектелген БШКнын мүчөсү кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Акылбек Эшимов

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Салайдин Айдаров Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы отурумунда билдирди.

Айдаров Эшимовдун арызын карап чыгууну өтүнүп, бул боюнча фракциянын жана парламенттик комитеттин тиешелүү чечимдери бар болгонун белгиледи. Ал эми спикердин м.а. Аида Касымалиева «Кыргызстан» фракциясы БШКнын мүчөлүгүнө жаңы талапкерин сунуштаганын айтып, эки маселе бир каралаарын билдирди.

Акылбек Эшимов үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында «Алдамчылыкка» шектелип, тергөө абагына киргизилген. Буга «А.Д.» аттуу жарандын УКМКга жазган арызы негиз болгон.

Жабырлануучу Эшимов «Кыргызстан» партиясынын лидери менен алдын ала сүйлөшүп берүү үчүн андан 550 миң доллар алганын маалымдаган. Анын айтымында, ал бул каражаттарды 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо аталган партиянын тизмесинде «биринчи бештикке кирүү үчүн» берген. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

Көп өтпөй атайын кызмат бул иштин алкагында экс-депутат Руслан Чойбеков жана Нарындын экс-мэри Самарбек Болотбековду кармаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү Чойбеков аталган каражаттардын 300 миң долларын ыйгарып алып, жабырлануучуга «ири өлчөмдөгү зыян» келтирген.

Акылбек Эшимов 2016-жылдан тарта Боршайкомдун мүчөсү. 2021-жылы БШКнын мүчөлүгүнө Эшимовдун талапкерлигин «Кыргызстан» фракциясы сунуштаган. Ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында «Республика» партиясынан депутат болгон.