«Кактустун» журналисттери кайрадан суракка чакыртылды

Kaktus.media басылмасынын журналисттери тажик ЖМКсына таянып жазган макаласы боюнча ишке байланыштуу Бишкектин прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу Фейсбук барагында басылманын негиздөөчүсү Дина Маслова билдирди.

Дины Маслованын баракчасынан скриншот

Анын айтымында, журналисттер суракка кезек-кезеги менен барат. Ал 24.kg агенттигине курган маегинде редакциянын чатында отургандардын баары суракка чакырылганын айткан.

Суракка чакырылгандардын арасында — журналисттер Марат Уралиев, Александр Шабалин жана Бермет Уланова бар. Буга чейин 31-январда басылманын бир нече редактору суракка алынып, алардан сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат алынган.

Kaktus.media’нын сайтындагы макала

27-январда Баткен облусундагы чек ара жаңжалынын шартында Kaktus.media’нын сайтында тажик басылмасына таянып жазылган маалымат чыккан. Башкы прокуратура макалада «Кыргызстандын аскерлери биринчи болуп ок атып, Тажикстанды чагымчылдыкка түрткөн деген жалган маалымат камтылган» деп эсептеген.

Бул факт боюнча көзөмөл органы «Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Басылманын өзү макалага байланыштуу түшүндүрмө жарыялаган. Анда маалымат тажик басылмасына таянуу менен жазылганы, ал эми макаланын максаты тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу деп айтылган.