Ташиев Kaktus Media’нын иши тууралуу: Мындай майда иштер менен алектенбейбиз

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2-февралда Kaktus Media басылмасына карата козголгон кылмыш иши тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Биз, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, андай майда-чүйдө иштер менен алектенбейбиз», — деп билдирди Ташиев.

Видео: Kaktus.Media

*27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чагылдырган Kaktus Media’га карата прокуратура «Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Көзөмөл органы Kaktus Media басылмасынын материалындагы «Кыргызстандын аскерлери ок атууну биринчи баштаганы тууралуу туура эмес маалымат Тажикстанды чагымчылдык кылууга түрткөн» деп эсептеп жатат.

Басылма кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу тууралуу чагылдырууда Тажикстандын «Азия Плюс» басылмасына таянып, тажик тараптын версиясын жаңылык кылып берген.

УКМКнын ою боюнча кандай иштер ири кылмыш же майда кылмыш деп эсептелери азырынча белгисиз. Буга чейин, 2022-жылдын январында УКМК жогорку билим тууралуу жасалма дипломдорду аныктоо кыймылын баштап, өзүнү дипломунун жарактуулугуна күмөндөнүп жаткандардын баарын көзөмөл органына кайрылуусун суранышкан. Ошондой эле Мамлекеттик комитет майнерлерди жана добуш сатып алууга шектелген үгүтчүлөрдү да кармаган.

Жакында социалдык тармактын колдонуучулары атайын кызматты Temirov LIVE’дын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу чыгарган кызматкерлеринин артынан аңдып, шантаж кылып жатканынан айыпташкан. Бирок комитет «интернеттеги жеке маалыматтардын пайда болгонуна» эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Бирок «Клооп», OCCRP жана «Азаттыктын» журналисттери журналисттерге чабуул жасагандар менен атайын кызматтын ортосундагы байланышты аныкташкан.

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?