Бийликти күч менен басып алууга шектелген Алмаз Сарыбаев үй камагына чыкты

3-февралда Бишкек шаардык сотунда бийликти күч менен басып алууга айыпталган «Толубай» ЖАКтын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин баш каргоо чарасы каралды.

Сарыбаев үй камагына чыгарылды.

Сот адвокат Тимур Султановдун өтүнүчүн канааттандырды. Ал Сарыбаевдин баш коргоо чарасын «эркиндигин ажыратууга байланышпаган» чарага алмаштырууну өтүнгөн.

Сарыбаев эмне үчүн кармалды эле?

Асанов бийликти басып алууга камынган деген шек менен 2021-жылдын сентярында кармалган. Ал кармалганга чейин социалдык тармактарда болжолу ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун «Толубай» коммерциялык банкынын коммерциялык директору Алмаз Сарыбаевдин үнүнө окшош делген адам менен сүйлөшүүсү тараган.

Видеонун алдына Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти курал менен басып алууну сүйлөшүп жатышат деп жазылган.

ИИМ аталган жазуудагы үн Асановдуку экенин далилдеш үчүн видеону экспертизадан өткөргөн эмес. Бул тууралуу саясатчынын жактоочулары экспертиза жүргүзгөндөн кийин белгилүү болгон, экспертиза видеодогу үн сасатчыга таандык эместигин далилдеген.

Буга жооп кылып ИИМ аталган жыйынтыктар «адистин корутундусу» болуп эсептелинерин жана ал «кылмыш иши боюнча далил катары таанылышы мүмкүн эмес» деп билдирген.

Бирок, Асановдун адвокатынын айтымында, экспертизанын корутундусу үн жазуу ондогон жерден «монтаждалганын», мыйзам бузуулар болгонун көрсөткөн.

Сарыбаев колдочуларынын баарына ыраазычылыгын билдирди.

3-февралда бийликти басып алуу ишинин дагы бир фигуранты, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов дагы үй камагына чыгарылган.

Соттун басма сөз кызматынан Асанов 2022-жылдын 14-мартына чейин үй камагында болорун билдиришкен.

Соттон чыккандан кийин Асанов журналисттерге маек куруп, иши жокко чыгып, акталаарын айткан.

«Эгерде бирөө карасанатайлык кылган болсо, аны жараткан билет. Мен Курсан Асанов катары айтайын, менин эч кимге доом жок, себеби биз алдыга жылышыбыз керек», — деген ал.