Министр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековду кызматынан бошотту

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотулганын билдирди. Мындан тышкары, Бейшеналиев борбордун базасында клиникалык тез жардам ооруканасын ачуу тууралуу буйрукка кол койгонун айтты. Бул тууралуу министр 4-февралда басма сөз жыйында билдирди.

«Бүгүн мен Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө деп аталган борборго чекит коём. Мындай борбор жок», — деп айтты министр.

Бейшеналиев документ боюнча аталган борбор 2015-жылдан бери иштебейт, ал эми Жумабеков «7 жыл бою каалаганын кылып жүргөн» деп билдирди.

«[Сабырбек Жумабеков] ушул жети жыл үчүн сотто жооп берет. Мен ага “жакшы адвокат издей бер” деп айттым», — деди министр.

Бейшеналиев Жумабековду Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору кызматынан бошотуу жана оорукананын башчылыгына Гүлия Кожакматованын дайындалышы тууралуу буйрукту окуду — азырынча борбордун базасында клиникалык тез жардам ооруканасы ачылбайт.

Тема боюнча:

«Абадан оорукана жасаган». Реформанын айынан Бейшеналиев менен Жумабеков чырдаша кетти