Пётр I дагы реформа үчүн жек көрүшкөн — Бейшеналиев аны отставка кетирүү талаптары жөнүндө

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев отставкага кетпей турганын айтты. Буга чейин Үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгери Бахтияр Абсаматов Бейшеналиевди отставкага кетирүүгө кол топтоп, кызматтан алуу өтүнүчү менен президентке кайрылган.

Чиновник реформа жасагандар көп кишиге жакпай жатканын белгиледи.

«Пётр I дагы, Орусияда реформа жасап атканда баары жек көргөн, кийин тарых ал баарын туура кылганын көрсөткөн. Бир жыл ичинде кылганымдын баары эл үчүн», — деди Бейшеналиев.

Ал «[өзүнүн] репутациясы үчүн коркпой реформа кылып жаткан» министр келгенине «президент, эл жана бардык медиктер абдан кубанып жатат» деп билдирди.

«Мен башка министрлердей отуруп алып, 30 жылдан бери отурган башкы дарыгерлерден, директорлордон алкыш алсам болмок. Алар уурдап, мындан ары да отура беришмек», — деп кошумчалады ал.

Бейшеналиев кетпей турганын жана «эл үчүн көп нерсе жасай турганын» белгиледи.

«Президент менин реформаларымды колдоп жатат. Себеби ал адамдардын бир ууч тобу үчүн эмес, эл үчүн келген да», — деди чиновник.

Министрдин чуу жараткан демилгелери жана ага карата сындар

Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрында депутаттар Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып дайындагандан кийин дароо Саламаттык сактоо министри болуп келген. Андан бери өкмөттүн курамы, кийин министрлер кабинети деп атала баштаган курамы жок эле дегенде үч жолу өзгөрдү. Бирок Бейшеналиев ага карата дарыгерлер жана жарандык коом тарабынан айтылган сындарга карабастан өз ордун сактап келе жатат.

Алымкадыр Бейшеналиевге сындар апрелде COVID-19ду дарылоо үчүн уу коргошундун кайнатмасын (дагы бир аталышы Ысык-көл тамыры же аконит) пропаганда кылганда айтылган.

Алымкадыр Бейшеналиев пресс-конференция учурунда акониттин кайнатмасын ичип жатат. Видеодон скрин

*Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өткөн басма сөз жыйында түз эфирде кайнатма ичкен.

Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын да билдирген.

Андан кийин медиктер, юристтер жана жарандык активисттер Жогорку Кеңешке кайрылып, Бейшеналиевди жарандардын өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.

Чиновник парламентте да сынга алынган. Депутаттар 28-апрелде ошол учурдагы өкмөт башчысы Улукбек Мариповго Бейшеналиевди кызматтан алууну сунушташкан.

Аны кызматтан алуу үчүн 81 депутат добуш берген, бирок чиновникти кызматтан алуу чечими кабыл алынган эмес.

Садыр Жапаров менен Алымкадыр Бейшеналиев 15 -октябрда майыптыгы бар балдардын реабилитациялык борбору «Алтын балалыктын» ишин баштоо үчүн өткөрүлгөн кайрымдуулук марафонунда. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Буга чейин бир күн мурда 27-апрелде Жапаров саламаттык сактоо министрин коргоп, аны «кыска убакыттын ичинде оптимизация жана реформа жүргүзүүгө жетишкен менеджер» деп атаган.

«Депутаттар тепкилеп, “алабыз, бул иштебейт” деп жатышпайбы. Бирок, ал чынында эле жакшы иштеп жатат. Өзү (министр Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу) доктор, профессор. Ошол тармакта өмүр бою эмгектенип жүргөн киши экен. Болгону эле тили сайрабайт экен, сөз байлыгы жок. Бирок менеджер», —деген ошондо өлкө башчысы.

Саламаттык сактоо тармагындагы эксперт Айбар Султангазиев президент Бейшеналиевге ишеним көрсөтүп, ага «карт-бланш» берди деп санайт.

«Андыктан ал жакын арада кызматтан кетпейт. Аны президенттен башка эч ким жумуштан ала албайт. Муну көпчүлүк түшүнүп турат. Ошол эле учурда Бейшеналиевдин кээ бир иштерин колдойт элем. Улуттук кардиология жана терапия борборунунда башаламандык орун алганы чын. Бирок туура эмес жол менен жасалып жатат. Анткени элге маалымат бербейт. Иштерин пландап жасабайт. Азырынча жетекчилерди алмаштыруу менен гана алек. Мунун жыйынтык берери белгисиз. Чынын айтканда, Бейшеналиевдин министрликтеги келечегин айтыш кыйын», — деп түшүндүрдү ал.

Улуттук борбордун жааматы менен чырдашуу

Улуттук кардиология жөнүндө кеп козгоо менен Султангазиев анын директору Акпай Сарыбаевдин кызматтан алынышын айтып жатат. Саламаттык сактоо министрлигинен Сарыбаевдин кызматтан алынганын аудиттин жыйынтыгында борбордон аныкталган бузуулар менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми Улуттук борбордун экс-директору Бейшеналиевге анын кызмат орду керек болгон деп эсептейт.

«Аны менен сүйлөшкөндөр калып, тилин таппагандар жумуштан кетип атат. Бейшеналиев келгенден бери саламаттык сактоо тармагын “оорутуп” жатат», — деп билдирген ал.

12-декабрда соцтүйүндөрдө Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлери менен жолугушканы тартылган тасма тараган. Тасмада борбордун бир нече кызматкери министр менен өктөм үндө сүйлөшүп жатканы көрүнөт.

Жолугушууда борбордун юристи Жумгал Өмүралиев Бейшеналиевди «көчөдөн келген министр» деп атап, чыр күчөп кеткен. Андан соң министр Сарыбаевди кызматтан кетирүү тууралуу буйругун окуп, жолугушуудан кетип калган.

Андан кийин Акпай Сарыбаев Улуттук борбордун кызматкерлерине Бейшеналиев аны камайм деп коркутканын айтып берген.

«Азыр кабинетке баратсак, камайм деп кыйкырып жаттты. Түрмөдө аны эстей турганымды, мени жакшы билерин айтты. Мен аны жакшы тааныбайм. Бирок кеп башкада. Эң башкысы силер болуп көрбөгөндөй ынтымактуу болушуңар керек. Себеби азыр, өз ою барлардан жетекчилик аркылуу арылганга аракет кылышат», — деген ал.

Алымкадыр Бейшеналиев жана Саламаттык сактоо министри азырынча бул боюнча түшүндүрмө бере элек.