Биринчи май жана Свердлов округдарына кайра шайлоо 18-декабрдан кийин дайындалат

Сүрөт: Айдай Токоева/Kloop

Бишкектеги №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында кайра шайлоо 18-декабрдан кийин дайындалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов «24.kg» басылмасына билдирди.

Маматовдун айтымында, бюллетендерди кол менен эсептөө аяктагандан кийин 18-декабрда расмий жыйынтык жарыяланат. Эгерде АСУ жана кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы бир-бирине дал келсе бир айдын ичинде кайра шайлоо дайындалат.

Аталган эки участкада автоматтыштырылган эсептөөчү урналардын (АСУ) жыйынтыгы боюнча «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыккан.

«Бул округдардан шайлоого буга чейин талапкерлигин көрсөткөндөр да, жаңы талапкерлер катыша алышат. Бир гана мыйзам бузууларга аралашкандар талапкерлигин көрсөтө алышпайт. Бирок бул округдарда андай учурлар болгон жок», — деди Маматов.

Эске салсак, №27 Биринчи май шайлоо округунан Нурбек Токтакунов, Мавлян Аскарбеков, Эдил Марлис уулу, Русланбек Акылбеков, Эркингүл Абдраманова, Мээримбек Койчуманов жана Бейшенбек Абдразаков талапкерлигин көрсөтүшкөн. Бул округда «баарына каршы» 32,92% адам добуш берген. Ал эми шайлоочулардын 15,56%ы талапкер Акылбековду колдогон.

Ал эми №29 Свердлов шайлоо округунан Ырысбек Мааткабылов, Нурдин Самаков, Акназар Кенжебаев, Таалайбек Дайырбеков катышкан. Анда шайлоочулардын 37,48%ы «баарына каршы» добуш берген. Экинчи катарда Ырысбек Мааткабылов — 27,70%.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү. Жаңы Конституция боюнча Жогорку Кеңештин депуттарын саны 90го чейин азайып, алар аралаш система менен шайланды — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан.

АСУдан алдынган алдын ала жыйынтыкка ылайык, алты партия 5%дык шайлоо босогосунан өткөн, алар: «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру».

Ошондой эле 36 бир мандаттуу округдардан 34үндө парламентке өтө турган талапкерлер аныкталды.

Ал арада «Ата Мекен», «Реформа», «Социал-демократтар», «Азаттык» жана «Улуттар биримдиги» партиялары шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришти. Алар шайлоо бурмалоо жана көз боёмочулук менен өттү деп эсептешет. Атап айтканда, партия лидерлери бийлик айрым партиялардын 40 миңден 70 миңге чейинки добушун тартып алды деп билдиришти.

29-ноябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү Боршайкомдун алдына митингге чыгышкан. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоону талап кылышкан. Митингчилердин алдына чыккан Шайлдабекова БШКнын сайтында жыйынтыктарды көрсөткөн таблицадагы ката үчүн кечирим сураган.

Ошондой эле, Шайлдабекова АСУдан алынга алдын ала маалыматтар «юридикалык күчкө ээ эмес» экенин билдирип, учурда кол санак уланып жатканын айткан. 30-ноябрь күндүн биринчи жарымына карата бюллетендердин 20%ы кол менен саналып бүткөнү айтылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак» алдыда

Шайлоонун жыйынтыктары: Парламентке бир мандаттуу округдан кимдер жана кайсы партиялар келет?