Мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Маалыматты «Клоопко» башкы көзөмөл органдын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова тастыктады.
Маалыматка ылайык, Токон Мамытов 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге байланыштуу кабыл алынган протокол боюнча күбө катары чакырылды.
2022-жылдын январь айында аталган протокол боюнча «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров жана депутат Исхак Масалиев сурак берген.
2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялоодон баш тарткан.
Токон Мамытов 2009-жылкы протокол тууралуу
Токон Мамытов 2013-2014-жылдары Кыргызстандын коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер министри кызматын аркалаган. Ошол кезде чек араны тактоо боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген. Мамытов февралдын башында «Марал» радиосуна маек куруп, тажик тарап мурдатан эле 2009-жылы кабыл алынган протоколду «тааныйсыңар» деп келе жатканын айтты.
«Мен жок, бизде революция болуп кетти, тааныбайм деп кеткен учурларым болгон. Булар [тажик бийлиги] ошону таңуулай албай жатат. Себеби 1924-1927 жылдагы протокол боюнча биз көп жерден уттурабыз. Бир сөз менен айтканда, алар Баткен облусунун 135 миң гектар жерин талашат. Сүлүктү шаары толугу менен өтүп кетет, Ворух дагы анклав болбой калат. Булардын негизги максаты ошол», — деген пикирин билдирген Мамытов.
Анын айтымында, ушундай эле максаттар 2021-жылдын 1-майында кабыл алынган №39 протоколдо да камтылган. Ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев протокол «кыргыз элининин кызыкчылыгына жооп берет» деген сөзүн эске салып, оң жагына чечилет деген ойдо турганын айтты.
«Булар Дүйнөлүк банк менен сүйлөштүк, жолду биз салабыз деп келген. Биз макул болгон эмесмин. Кантип биз өз жерибизге бөлөк бирөөгө жол салдырабыз? Биз акча коротконбуз деп кийин бизди айдап чыкмак да», — деп Мамытов Ворухка салынчу жол тууралуу ой бөлүшкөн.
Ошондой эле Мамытов тажик тарап «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдагы тилкелерди талашып 1924-1927-жылдардагы документтерди колдонобуз деп, 1958-1959-жылдары кабыл алынган документтерди четке кагып келишкенин айтат.
«Анан мен айттым, эмнеге 1958-1959-жылдар жок? Себеби 1958-1959-жылдагы документтер боюнча ал биздин жерлер. Булардын Согди облусунун, ал кезде Ленинабад облустук аткаруу комитетинин чечими менен өкмөтүнүн токтому чыккан. Бизде тажик өкмөтүнүн «ушуну тааныйбыз» деген телеграммасы бар», — деп түшүндүргөн саясатчы.
Андан тышкары, Токон Мамытов тажик тарап 1600 гектар кыргыз жерин пайдаланып жүргөнүн белгиледи. Ал эми Кыргызстан болгону бир 400 гектар тажик жерин пайдаланат.
«Булар төрт эсе көп жерди пайдаланып жүргөн. Ошондуктан 1958-1959-жылдагы документтерди алып коюшкан. Аны түшүнбөй 2009-жылы биздин өкүлдөр кол коюп салган», — дейт ал.
Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн «жападан-жалгыз жолу болгон» деп негиздеген.
Ал эми 2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
«Кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык»
Президент Садыр Жапаров Мадумаров кол койгон протокол боюнча бир нече билдирүүлөрдү жасаган. Жапаровдун айтымында, Мадумаров кол койгон протоколдон улам тажик тарап 275 метр такталбаган жерди талашып жатат. Ошол эле учурда Жапаров протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин эске салган.
Ал эми парламенттик шайлоо маалында Жапаров Баткен облустук медиа-борборунун жетекчиси Мамажан Бердишевге маек куруп, Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын белгилеген.
Өлкө башчы 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, «Бүтүн Кыргызстандын» лидерин кескин сындап, Мадумаров кол койгон протоколду «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп баалаган.
«Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер! Качанга чейин “артымда колдоочуларым бар, алар мени жооп берүүдөн коргоп калат” деп каалаган ишин жасап жүрө берет? Мындай көрүнүш улана берсе эзэли оңолбойбуз. Эртең дагы бир популист саясатчы чыгат да, “артымда элим бар” деп элдин ишенимин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, каалаганын кылып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын сатып, жыргап жүрө берет», — деген Жапаров.