Кыргызстанда тартылган «ала качуу» тууралуу тасма «Оскарга» ат салышат

Америка кино академиясы 8-февралда «Оскар» сыйлыгына ат салышкан фильмдердин акыркы тизмесин жарыялады. Алардын арасында Кыргызстанда тартылган «Ала качуу — Take and Run» аттуу кыска метраждуу тасма дагы бар. Анда мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдоо маселеси көтөрүлөт.

Тасма «Оскардын» «Мыкты кыска метраждуу тасма» номинациясында ат салышат. Бул категорияда дагы төрт талапкер бар. «Оскар» сыйлыгы 27-мартта тапшырылат.

«Ала качуу — Take and Run» тасмасын немис режиссеру Мария Брендль тарткан. Башкы ролду кыргызстандык актриса Алина Турдумаматова ойногон. Режисердун айтымында, тасманы жаратууга жана тартууга эки жылдан ашык убакыт кеткен.

«Көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүздүк. Өзүнүн окуясын айтып берген көптөгөн аялга жолуктум. Ал окуяларды угууга, аларга сүңгүп кирип, ошонун негизинде сценарий жазууга көп убакыт керектелди. 2017-жылы баштаганбыз, 2019-жылга чейин созулуп кетти. Тасма 2020-жылдын август айында тартылып бүттү», — деди ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Режиссер айым мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдоо тууралуу ал биринчи жолу досунан укканын айтат. Ушундан соң ал бул көйгөйдү изилдей баштаган жана мындай нерсе коомдо көп эле экенин билген.

«Андан ары аялдарга эмне болгонун билгим келди. Ал тууралуу тасма тарткым келди. [...] Бул тема эл аралык денгээлде маанилүү тема деп ойлойм. Көпчүлүк аялдардын турмушка чыгууда тандоо мүмкүнчүүгү жок. Башка маданияттын өкүлү катары мага абдан кызыктуу жана дүйнө коомчулугунун аялдар кандай кыйынчылыктарга кабыларын билүүсү маанилүү. Мен ал тууралуу айтып бергим келет», — дейт Брендль.

Тасманын узактыгы 38 мүнөт 21 секундду түзөт. «Ала качуу – Take and Run» тасмасынын дүйөлүк бет ачары 2020-жылы август айында АКШнын Род-Айленддеги кинофестивалында болгон. Буга чейин Мария Брендль тасма дүйнөлүк ар кандай кинофестивалдарга катышып жаткандыктан, коомчулукка көрсөтүлө электигин белгилеген.

2020-жылдан бери тасма Канада, АКШ, Австралия, Швейцария, Болгария, Испания жана башка мамлекеттеги бир катар кинофестивалдарга катышкан. Тасма 30дан ашык сыйлыкты жеңген.