Белгисиз адамдар Түндүк-Түштүк жолундагы тосмонун бир бөлүгүн уурдап кетишти

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун участкаларынын биринде белгисиз адамдар тосмолорду уурдап кетишти. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Транспорт министрлиги

Ведомствонун маалыматына караганда, мындай билдирүү менен аларга жана укук коргоо органдарына China Road and Bridge Corporation жалданма компаниясы кайрылган. Компаниядан билдиришкендей, жолдун Жалал-Абад — Казарман тилкесиндеги көпүрөнүн тосмосунун бөлүктөрү уурдалган.

Компания Сузак РИИБне уурулук тууралуу арыз менен 2021-жылдын 2-декабрында эле кайрылган. Мындан тышкары, ведомстводон аталган участок жергиликтүү жол башкармалыгына өткөрүлгөндүктөн компания уурулуктан улам тартылган зыянды төлөбөй турганын белгилешти. Келтирилген зыян 250 миң сомду түзөт.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу Кытайдын Эксим банкынан алынган каражатка China Road and Bridge Corporation компаниялары куруп жатат. Жол 2009-жылы Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен курула баштаган, курулуш иштерин италиялык Todini Costruzioni Generali Company жүргүзгөн.

Дагы окуңуз: Күндүн сүрөтү: Түндүк — Түштүк жолундагы эстакадалык көпүрө