«Кумтөрдөгү коррупция» иши. Райондук сот Тайырбек Сарпашевге 260 миң сом айып салды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Алардын маалыматына караганда, Сарпашевге карата 4-февралда өкүм чыккан. Мурдагы аткаминер мамлекетке 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Тайырбек Сарпашев «Күмтөр» иши боюнча 2021-жылдын июнунда УКМК тарабынан кармалган. Мекеменин маалыматы боюнча, ал «Centerra Gold Inc’тин өкүлдөрү жана мамлекеттин жогорку жетекчилиги менен өз ара кутум келишимге барып, кылмыш кылган».

Сарпашевден тышкары, «Кумтөр» ишине байланыштуу экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Исхак Пирматов коррупция боюнча өкүм чыккан. Саясатчылар күнөөлү деп табылып, алар мамлекеттин эсебине айып төлөшкөн.

Ошол эле учурда, Кумтөр иши боюнча кармалган экс-депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду 2021-жылы декабрда сот камактан бошоткон.

Башкы прокуратура «Кумтөр» кенин казуу боюнча түзүлгөн келишимдин айланасындагы коррупция боюнча иликтөө башталганын 2021-жылы 21-майда билдиргенден кийин учурдагы жана мурдагы саясатчыларды кармоолор башталган.