«Кумтөр» иши: Депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаров абактан бошотулду

Депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 9-декабрда «Кумтөр» ишиндеги коррупияга шектелген депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдун камактан бошотулганын маалымдады.

Судья Нурдин Ибраимов аларды сот залында камактан бошотуу чечимин кабыл алганы белгиленди. Саясатчылардын камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды.

Буга чейин 25-ноябрда сот Жээнбеков менен Зулпукаровду «Кумтөр» иши боюнча 2022-жылдын январына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган. Саясатчылар УКМК тарабынан 2021-жылдын июнь айында кармалышкан. Анда атайын кызмат алар «Коррупцияга» шектелип жатканын маалымдашкан.

Кийинчерээк башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентке депутаттар Жээнбеков жана Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө кат жөнөткөн. Бирок парламент депутаттары 8-декабрда макулдук берген эмес.

«Кумтөр» иши боюнча экс-депутат Талант Узакбаев жана Исхак Пирматов коррупцияга күнөөлү деп табылган. Экөө тең 300 миң сом айыпка жыгылган.

Нурдин Ибраимов тууралуу эмне белгилүү?

Нурдин Ибраимов — борбор калаанын Биринчи май райондук сотунун судьясы. Жээнбеков менен Зулпукаровдон сырткары «Кумтөрдөгү» коррупцияга шектелген башка саясатчылардын отурумун дагы ушул судья карап жатканы белгилүү.

Ибраимовду президент Садыр Жапаров 2021-жылдын август айында кызматка дайындалган. Ага чейин ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунда судья болгон. Ал орунга 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен дайындалган.

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, Ибраимов аз убакыт Жогорку Кеңеште иштеп кеткен. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгууга катышкан. Мындан сырткары, ал Бишкектин нотариат жана адвокатура башкармалыгында башкы адис кызматында иштеп да жетишкен.