«ОшТВнын» жамааты каршы болгонуна карабай телеканал мэриянын балансына өттү

Сүрөт: Т-Медиа

«ОшТВ» телеканалы Ош шаардык мэриясына өткөрүлдү. Мындай чечим шаардык кеңештин 10-февралдагы отурумунда кабыл алынды. Анткен менен телеканалдын жамааты аталган чечимге каршы чыгышты.

Жыйында Оштун биринчи вице-мэри Марс Исаев «ОшТВны» муниципалдык менчикке өткөрүүгө Министрлер кабинетинен тиешелүү токтом келгенин маалымдаган. Ал эми телеканалды мэриянын балансына биротоло өткөрүү үчүн Ош шаардык кеңешинин макулдугу керек болчу.

«ОшТВнын» мэрияга өткөрүүнүн себеби өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлк фондусунун жоюулусу — мекеме 2014-жылдан тарта «ОшТВны» башкарып келет.

«Мамлекеттик жана муниципалдык органдар жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө жарандардын маалыматын жогорулатуу максатында “ОшТВны” мэриянын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө Министрлер кабинетине кат жолдогон. Демилге колдоо таап, токтом чыккан», — деди Исаев.

Исаев телеканалды каржылоого бюджеттен эч кандай каржы маселеси жаралбастыгын, анткени «ОшТВ» өзүн-өзү каржылап келгенин белгиледи. Ошондой эле биринчи вице-мэр шаар бийлиги телеканалга болгону «идея жагынан» жардам берерин белгиледи.

Жыйында депутат Нуркыз Кадырбек кызы «ОшТВ» телеканалы муниципалдык менчикке өтсө «сөз эркиндигине доо кетпейби, адистер аксап калбайбы?» деп Исаевге суроо узатты.

Марс Исаев «ОшТВ» телеканалы буга чейин эле шаар бийлигин колдоп келе жатканын айтып, эми дагы мэрияны колдой турганын билдирди. Ошондой эле Исаев муниципалитет «ОшТВнын» кадр саясатына «кийгилишпейт» деп ишендирди.

«Биз эч качан атайын буйрутма бейрбейбиз. Болгону мэриянын жана депутаттардын жолугушуусун чагылдырат. Элге жеткирет. Мындайча айтканда депутаттарга жана мэрияга жардамчы катары чагылдырганга суранып атабыз», — деди ал.

Натыйжада отурумга келген 35 депутат «макул», үчөө «каршы» добуш беришти.

«ОшТВ» шаардык кеңештин чечимине каршы

Ал эми «ОшТВнын» директору Маратбек Акимбек уулу телеканалдын жамааты Ош шаардык кеңештин чечимине каршы болуп жатканын «Клоопко» билдирди.

«Телеканалда 30дан ашуун кызматкер эмгектенет. Жамаат каршы болуп жатканын бүгүнкү сессияда депутаттарга мен дагы айттым. Жамаат каршы болсо мен дагы алар менен биргемин. Бирок ага карабай токтом кабыл алынды. Эми Министрлер кабинетине токтом жөнөтүлөт, ал жактан токтом бекитилет», — деди ал.

«Ош ТВ» телеканалы 1991-жылы Кыргызстандагы алгачкы жеке менчик телеканал болуп ачылган. Аны негиздеген ишкер Халилжан Худайбердиев Ош окуясынан кийин АКШга баш калкалап кеткен.

Кийин ал телеканалды Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов «куралчан адамдардын коштоосунда коркутуу аркылуу сатып алганын» айтып чыккан эле. Кийинчерээк телеканал Худайбердиевдин мүлкүн конфискациялоо жолу менен өкмөттүн карамагына өткөн.

Редактору: Дилде Шатанова, Элдияр Бакиров

ТЕМА БОЮНЧА:

ОшТВга саясий куугунтук болуп жатабы?

«Азаттык»: ОшТВ өкмөткө өткөнү калды