УКМК: Ошто санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору кармалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 9-февралда Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директорун «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектеп кармады.

*Атайын кызматтын билдирүүсүндө кармалган кызматкердин аты-жөнү О.С.М. деп берилди. Бул инициалдарга Салтанат Орозбаева туура келет.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн кызмат адамдары жеке пайданы көздөп контролдук-көзөмөлдөө милдеттерин так аткарган эмес.

УКМК «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Орозбаева атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар кызматкерлерди аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин УКМК «Айыл Банк» ААКнын төрт кызматкерин «коррупцияга» шектеп кармаган. Алар «Россиф» компаниясынын кредитке коюлган күрөөсүн жасалма түрдө көбөйтүү менен мамлекетке зыян келтирүүгө айыпталууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кредиттин күрөөсүн жасалма көбөйтүшкөн». УКМК «Айыл-Банктын» төрт кызматкерин кармады