«Кредиттин күрөөсүн жасалма көбөйтүшкөн». УКМК «Айыл-Банктын» төрт кызматкерин кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 8-февралда «Айыл-Банк» ачык акционердик коомунун төрт кызматкерин коррупцияга шектеп кармады. Алар «Россиф» компаниясынын кредитке коюлган күрөөсүн жасалма түрдө көбөйтүү менен мамлекетке зыян келтирүүгө айыпталууда.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2017-жылы «Айыл-Банк» «Россиф» жеке ишканасына 3,5 млн АКШ доллар (295,7 млн сом) насыя берген.

Компаниянын банкка күрөөгө койгон 348 млн сомдук мүлкүн текшергенде, экспертиза анын баасы 271 млн сомду түзөрүн аныктаган. Анын кесепетинен ортодо 76 млн сом айырма чыккан. «Айыл Банктын» 100% үлүшү мамлекетке таандык.

Бул факты боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

«Россиф» жоопкерчилиги чектелген коому Юстиция министрлигинен 2021-жылы кайрадан каттоодон өткөн. Анда ишкана кеңири ассортименттеги товарларды дүңүнөн сатуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзөрү жазылган. Анын жеткечиси катары Мырзабек Чукуев, негиздөөчүлөрдүн бири катары Чыңгыз Карамолдоев көрсөтүлгөн.

Тема боюнча:

УКМК: Бишкек мэриясында акча каражатын уурдоо боюнча схема түзүлгөнү аныкталды

УКМК: Жазаларды аткаруу кызматынын улук кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды