Экс-министр Молдомуса Конгантиев акыркы сапарга узатылды

14-февралда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Коштошуу зыйнатына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана башка бийлик өкүлдөрү, саясий ишмерлер жана жакындары катышты.

Алар Молдомуса Конгантиевди «чындык, акыйкат деп жашаган, кесипкөй жана адамгерчиликтүү инсан» катары эскеришти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламенттин жана жеке өзүнүн атынан жакындарына көңүл айтып, Кыргызстанда орду толгус жоготуу болгонун белгиледи.

«Модомуса Конгантиевдин дайыма айткан сөзү менен жасаган иши дал келчү. Ал өз өмүрүндө бардык сыноолорго туруштук берип, жоопкерчиликти өз мойнуна алып, элге татыктуу кызмат кылды», — деди Мамытов.

Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Ал 12-февралда каза болгон.

Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган. Ал 1979-жылдан тартып ички иштер органдарында иштеп баштаган. 2008-2010-жылдары Ички иштер министрлигин жетектеген. Кийин өлкөдөгү апрель окуяларынан улам кызматтан кеткен.

ИИМдин экс-башчысына 2010-жылы апрель окуясында шалаакылык кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Анда 7-апрелде Ак үйдүн алдындагы кагылышта 80ден ашуун адам каза тапкан.

Бийлик алмашкандан кийин Конгантиев өлкөдөн чыгып кетип, бирок 2010-жылдын апрель айынын аягында Москвада кармалып, кайра артка кайтарылган. 2018-жылы ага карата кылмыш иши токтотулуп, андан кийин кайра жандандырылган.