Өткөн суткада COVID-19дан үч адам каза болду, жаңы 46 учур катталды

Кыргызстанда 14-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан үч адам каза болду, жуктуруунун 46 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 31;
  • Ысык-Көл облусунда — 7;
  • Чүй облусунда — 4;
  • Жалал-Абад жана Баткен облустарында экиден киши илдетти жуктуруп алды.

Ошондой эле республика боюнча 236 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 200 миң 66га жетти. Ал эми оорудан 192 миң 971 киши айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 930 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 485 бейтап, үй шартында 2 119 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.