Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунда кар көчкү үч кишини басып калды

Иллюстративдик сүрөт

Түндүк-Түштүк алтернативдик унаа жолунун Жалал-Абад — Казарман тилкесинде 3 киши жана жолду тазалоочу техникалар 14-февралда түшкөн кар көчкүнүн алдында калды. Бул тууралуу транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, саат 12:30 чамаларында унаа жолдун болжолдуу 332-чакырымындагы Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшкөн.

Дайынсыз болгон кишилер жалданма «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясынын кызматкерлери — экөө кытай, бирөө кыргыз жараны. Алар тоннелден Казарманды карай кеткен жолдо тазалоо иштерин жүргүзүп жатышканда кар көчкү басып калган.

Ошондой эле кардын алдында «НИВА» үлгүсүндөгү унаа, экскаватор жана жүктөөчү техника калды.

«ӨКМден жалпы 20 куткаруучу тартылган. Учурда “Чайна Роуд” ишканасынан 4 техника, 30 кызматкер тартылып издөө жана кар көчкүнү тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат», — деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Үстүздөгү жылдын январь айында Жалал-Абаддын Чаткал районунда кар көчкү түшүп, анын кесепетинен «Вертекс Голд» компаниясынын эки кызматкери каза тапкан. Компаниянын кызматкерлери кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан учурда кар басып калган.