Казакстан-Кыргызстан темир жол каттамы 21-февралдан тартып жанданат

Казакстан 21-февралдан тартып Кыргызстандан Орусияга темир жол аркылуу жүргүнчү ташыган поезддери үчүн өз аймагындагы чек арасын ачат. Кыргызстандан чыккан поезддер Орусияга Казакстандын аймагы аркылуу гана өтө алат.

Темир жол каттамын кайрадан жандандыруу чечими Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 15-16-февралда өткөн 1-жыйынында кабыл алынды.

Бирок минкабдан жүргүнчү ташуу Орусиянын макулдугу алынгандан кийин гана жанданарын, ошондуктан Транспорт министрлиги Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалашты.

«Жүргүнчүлөр COVID-19га каршы тест тапшырып же “COVID-19суз саякатта” колдонмосунан вакцина алганы тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек», — деп айтылат минкабдын билдирүүсүндө.

Орусия менен темир жол каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам токтотулган. Өлкөлөр жүргүнчү ташуу рейстерин кайрадан жандандырууга даяр экенин бир нече жолу айтышкан, бирок Казакстандын чек арасы жабык болгондуктан муну ишке ашыруу мүмкүн болбой келген.