Сузакта селден жабыркаган 20 үй-бүлөгө 30 миң сомдон кенемте берилди

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2021-жылдын июль айындагы селден жабыркаган 20 үй-бүлөгө 30 миң сомдон кенемте берилди. Бул тууралуу 17-февралда «Справедливость» укук коргоо уюму Сузак райондук прокуратурасына таянып маалымдады.

Маалыматка ылайык, алгач селден жабыркаган айрым тургундар жергиликтүү бийлик кенемте төлөбөй жатканына нааразы болушуп, «Справедливость» уюмуна кайрылышкан. Ал эми райондук комиссиянын кошумча текшерүүсүнөн кийин жабырлануучуларга кенемте берилген.

Прокуратурадан билдиришкендей, 2021-жылдын 1-сентябрында Министрлер кабинети селден жабыркаган 60 турак жайдын ээсине 100 миң сомдон кенемте тапшырган. Ал эми 2021-жылдын 1-октябрында президенттин администрациясы жабырлануучуларга 50 миң сомдон материалдык жардам көрсөткөн.

100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардамга муктаж болгон тургундардын алгачкы тизмесинен алты үйдүн ээси чыгарылып, аларга 50 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөн. Анткени комиссия алардын турак-жайлары капиталдык оңдоого муктаж экенин аныктаган.

«Ашып калган 600 миң сом 20 үйдүн ээсине 30 миң сомдон бөлүндү. Алардын турак жайлары да капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж», - деп айтылат прократуранын маалыматында.

Мындан сырткары, Сузак райондук прокуратурасы учурда селден жабыркап, бирок тизмеге кирбей калган тургундарга «Кара-Дарыя айыл өкмөтү материалдык жардам көрсөтүү маселесин карап жатканын» кошумчалады.

Ал эми «Справедливость» укук коргоо уюмунун юристи Алмаз Ибраимов жабырлануучуларга төлөнгөн «сумманы кенемте деп айтууга болбойт» деп эсептейт.

«Жергиликтүү бийлик реакция кылып, кошумча текшерүү жүргүзгөнүн жакшы көрүнүш катары белгилей кетсек болот. Бирок, жарыяланган сумманы кенемте деп айтууга болбойт. Анткени ал өтө аз. Мындан сырткары, тургундардын дагы бир бөлүгү материалдык жардам алууну күтүп турушат. Биз болсо кырдаалга байкоо жүргүзүүнү улантабыз», — деди Ибраимов.

2021-жылдын 20-июлунда Сузак айыл аймагынын Достук айылында, Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылдарында сел жүргөн. Анын кесепетинен 6 жаштагы кыз каза болгон.

Селдин кесепетинен 446 курулуш жабыркаган — анын 118 турак жай суу алдында калып, 58и жашоого жараксыз деп табылган. Ал эми 328 кожолуктун чарбалык курулуштарын сел суулары каптап, 29у авариялык абалга келген.

Мындан сырткары, 1 бала бакчанын, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана 1 мечиттин короо жайларын жана 63 гектардан ашуун айдоо жерди суу каптаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузактын бир нече айылдарында сел жүрүп, 6 жашар кыз каза болду

«Чоңдор жол жактан кетип калышат». Сузакта селден 446 турак жай жабыркаганы аныкталды