«Ишкерлерден акча опузалаган». Ошто «Женгонун» кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды

17-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет 19-февралда билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүүлөр Ош облусунда ишкерлерден опузалап акча талап кылган. УКМК аларды Кара-Суунун Нариман айыл аймагында жеке ишкерден акча алып жаткан жеринен кармаган.

«Учурда кармалгандардын уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар башка фактыларды жана башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.

Кылмышка шектүү 29 жаштагы «А. уулу Э.» жана 30 жаштагы «Р.Э.Р.» мурда ар кандай кылмыштары үчүн соттолгону кабарланды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Женго»

«Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары белгилүү. Ал 2015-жылы февралда милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берди деп айыпталган.

2017-жылы Кара-Суу райондук соту да, Ош облустук соту да аны актаган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Өткөн жылдын 30-ноябрында УКМК Досоновду «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп издөө жарыялаган. Кримтөбөл үстүбүздөгү жылы 11-февралда кармалып, абакка киргизилген.

2021-жылдын 17-февралында атайын кызмат Досонов «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» да шектелип жаткандыгын кабарлаган. Ошондой эле, УКМК «Женго» жана анын жакын туугандарына ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси катталганын билдирген.

Анткен менен Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «Женго» кармалбаганын, ал УКМКга өзү келгенин кабарлаган. Ошондой эле, ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына укук коргоо органдары тарабынан баңгизат «ташталганын» белгилеген.

Мындан сырткары жактоочу УКМКнын кызматкерлери Досоновго буга чейин «эл көзүнө кармалып берүүсүн» сунуштаганын ачыктаган. Адвокаттын айтымында, атайын кызмат «Досонов аз эле отуруп чыгат» деп убада кылган.

Бирок Сүйүнбаева бул сунуштан баш тарткандан кийин атайын кызмат анын үйүндө «мыйзамсыз» тинтүү жүргүзгөнүн кабарлаган.