«Эл көзүнө шоу кылып коёбуз». УКМК Женгонун адвокатынын үйүн тинтүүгө алды

Кадыр Досонов. Архивдик сүрөт.

«Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева УКМК 10-февралда анын үйүн «мыйзамсыз тинтүүгө алганын» билдирди. Ал атайын кызмат муну ага «өчөшүп алгандыктан жасады» деп эсептейт.

Сүйүнбаева УКМК буга чейин издөөдө жүргөн Досоновго «эл көзүнө кармалып берүүсүн» сунуштаганын ачыктады. Адвокаттын айтымында, атайын кызмат «Досонов аз эле отуруп чыгып кетээрин убадалаган».

«Алар “Эл көзүнө спектакль, шоу кылып коёбуз, анан кичине отуруп эле чыгып кетет” деген. А бирок биз макул болгон эмеспиз. Ошого алар өчөшүп, менин үйүмө тинтүүгө келишиптир. Бирок алардын колунда соттун токтому жок экен. Мыйзамсыз келишти», — дейт адвокат.

Мындан сырткары Сүйүнбаева УКМК анын үйүн тинтип жатканда «өзү аталган мекемеде сурак берип жүргөнүн, ал эми үйүндө жаш балдары гана болгонун» айтты.

«Ал жакта мени алаксытып отурушкан экен. Негизи мыйзамда адвокаттын үстүнөн кылмыш иши козголгондон кийин гана тинтүү жасоого уруксат. УКМКнын эмнеге мыйзамсыз ишке барып жатканы белгилүү болуп атат, демек жетекчисинин жолу ушундай экен. Мен бул мыйзамсыз тинтүү боюнча иш козготконго аракет кылам», — деди ал.

Материал чыгаар алдында УКМКдан Сүйүнбаеванын үйүндөгү тинтүү боюнча жана адвокаттын айткандары тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин УКМКдан уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чараларынын негизинде Ош облусунда жана шаарында Кадыр Досоновду колго түшүрүү аракеттери жүрүп жатканын билдиришкен.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган аймактагы үйлөрдүн биринен Досоновго таандык «өздүк гигиена каражаттары, телефон жана баңгизат табылган». Мындан улам УКМК ИИМ менен биргеликте аны «Кармоо» планын жарыялаган.

«Женго» деген ким?

«Женго» каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары таанымал.

Кадыр Досонов 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук жана Ош облустук соттору аны актаган өкүм чыгарган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Ош облустук милициясы 2019-жылдын октябрында Досоновду кармаган. Анда Досоновдун айдоочусу жол тескөөчүсүнүн токтоо тууралуу буйругуна баш ийген эмес жана номуру жок унаа айдап жүргөн. Кийин унаадан курал да табылган. Айдоочуга айып салынып, Женго профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин коё берилген.

Ал эми өткөн жылдын 30-ноябрында УКМК «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп «Женгого» издөө жарыялаган. Ал эми 28-ноябрда Ош шаардык соту аны тергөө изоляторуна киргизүү чечимин сыртынан кабыл алган.