УКМК кримтөбөл Кадыр Досоновду издөөгө жарыялады

Кадыр Досонов (ортодо)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон криминалдык төбөл Кадыр Досоновду издөөгө салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 30-ноябрда билдирди.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Кадыр Досонов «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» экенин аныктады.

Ош шаардык соту 28-ноябрда Досоновду тергөө изоляторуна киргизүү чечимин сыртынан кабыл алып, ал издөөгө жарыяланды.

«УКМК Досоновдун жүргөн жерин, ошондой эле анын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо боюнча иш жүргүзүп жатат», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Кадыр Досонов өлкөнүн түштүгүндөгү таасирлүү кримтөбөлдөрдүн бири. Ал 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук соту да, Ош облустук соту да аны актаган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

УКМК буга чейин «мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбек (Көлбаевди) жана «Чач» каймана аты менен таанымал Эрнис Мурзахмедовду кармаган. Атайын кызмат Көлбаев «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» берененси менен шектелип жатканын кабарлаган. Учурда ал №47 колониясында кармалууда.

Ал эми Мурзахмедов 2015-жылы киши колдуу болгон криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү. Кримтөбөл Жалал-Абад облусундагы атышуу фактысына жана башка чуулгандуу кылмыштуу аракеттерди жасоого түздөн-түз байланышы бар экени айтылууда.