УКМК: «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 11-февралда «Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досонов кармалганын кабарлады. Атайын кызмат билдиргендей, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, атайы иш-чаранын жүрүшүндө республиканын түштүк аймагынын «көзөмөлчүсү» аталган, кылмыш чөйрөсүндө "Дженго" каймана аты менен белгилүү, издөөдө жүргөн кылмышкерлердин башчысы К. Досонов кармалды», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Мындан бир күн мурун адвокат Назгүл Сүйүнбаева Досонов УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгына өзү келгенин маалымдаган болчу.

«Алдын ала озунуп кабарлагым келет, Досонов УКМКга өзү келди. Эртең расмий түрдө жүргүзүлгөн “супероперациялардан” кийин “кармалды” деп маалымадылышы мүмкүн», — деп жазган эле Сүйүнбаева.

Ошондой эле, Сүйүнбаева УКМК тарабынан бир нече үйлөргө тинтүүлөр болгонун билдирген. Мындан сырткары, ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына баңгизат “ташталганын” белгилеген.

УКМКдан да уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чараларынын негизинде Ош облусунда жана шаарында Кадыр Досоновду колго түшүрүү аракеттери жүрүп жатканын билдиришкен.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган аймактагы үйлөрдүн биринен Досоновго таандык «жеке гигиена каражаттары, телефон жана баңгизат табылган». Мындан улам УКМК ИИМ менен биргеликте аны «Кармоо» планын жарыялаган.

Тема боюнча:

«Эл көзүнө шоу кылып коёбуз». УКМК Женгонун адвокатынын үйүн тинтүүгө алды

Жактоочу Сүйүнбаева: «Кадыр Досонов УКМКга өзү келди»