Жактоочу Сүйүнбаева: «Кадыр Досонов УКМКга өзү келди»

Кадыр Досонов

«Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досонов УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгына өзү келгенин анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева фейсбук баракчасына жазды.

«Алдын ала озунуп кабарлагым келет, Досонов УКМКга өзү келди. Эртең расмий түрдө жүргүзүлгөн “супероперациялардан” кийин “кармалды” деп маалымадылышы мүмкүн», — деп жазган Сүйүнбаева.

Ошондой эле, бул билдирүүдөн бир нече саат мурда Сүйүнбаева атайын кызмат тарабынан бир нече үйлөргө тинтүүлөр болгонун билдирген. Анда ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына баңгизат “ташталганын” белгилеген.

«УКМКнын Оштогу жетекчиси Акыл Мазарипов өзү келип, “Досонов колго түшүп берсин” деген. Алар “эл көзүнө шоу кылгылары келген”. Майнап чыкпагандан соң “Альфа” спецназынын коштоосу менен соттун токтому жок үйүмө тинтүүгө келишти. Негизи бул Досоновго карата “жерди мыйзамсыз басып алуу” боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында болуп жатат. Белгилеп кетсем, Досоновдун жубайынын үйүндөгү төрт чарчы жер тууралуу сөз кетүүдө. Чынында тосмону алып салгыла деген жетиштүү болмок, бирок эмнегедир “басып алуу” катары баалап жатышат», — деген билдирүү калтырган жактоочу.

Материал чыгаар алдында УКМКдан Сүйүнбаеванын айткандары тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин 10-февралда УКМКдан уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чараларынын негизинде Ош облусунда жана шаарында Кадыр Досоновду колго түшүрүү аракеттери жүрүп жатканын билдиришкен.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган аймактагы үйлөрдүн биринен Досоновго таандык «жеке гигиена каражаттары, телефон жана баңгизат табылган». Мындан улам УКМК ИИМ менен биргеликте аны «Кармоо» планын жарыялаган.

Тема боюнча:

«Эл көзүнө шоу кылып коёбуз». УКМК Женгонун адвокатынын үйүн тинтүүгө алды