Ташиев: Кыргызстан жана Тажикстан аскерлерди чек ара сызыгынан чыгарып кетүүнү макулдашты

Кыргызстан жана Тажикстан 28-январда кечки убакытка чейин аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрүн тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарып кетүүнү макулдашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Чек арада бир гана Чек ара кызматы жана коомдук тартипти сактоо үчүн милициянын керектүү органдары калат. Кече болгон жаңжалдан кийин өздөрү деле сабак алып калышты го, демек булар дагы [макулдашууну] аткарууга мажбур болушат деген ойдомун», — деди Ташиев.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү макулдашты:

  • Тиешелүү укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын катышуусу менен чыр-чатактын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтөөнү уюштуруу боюнча биргелешкен комиссияга тапшырма берүүнү;
  • Жаңжалдын башталышы менен үйлөрүн таштап кеткен бардык жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну;
  • Аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрүн тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарып кетүүнү;
  • Бардык жолдорду тосууну, бузулган инфраструктураны жана электр чубалгыларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну;
  • Тараптардын бийлик органдары чек ара, суу-жер жана башка чыр-чатактарды мындан ары болтурбоо максатында чек ара зонасында тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылуу.

Атайын кызматтын башчысы 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасы камсыздалганын белгиледи. Ошондой эле ал өткөн жылдын октябрь айында алынган 40 брондолгон жолтандабастарда жергиликтүүлөр эвакуцияланганын кошумчалады.

Кыргызстан жана Тажикстандын жумушчу топторунун делегациялары 28-январда жолугушуу өткөргөн. Камчыбек Ташиев жетектеген делегациянын курамына Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев кирди.

Чек ара жаңжалы

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагындагы чек ара жаңжалы 27-январда болгон. Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы алгач тажик жарандары Төрт-Көчө аймагына таш төгүп, Баткен — Исфана автожолун жарым саатка тосуп алганын билдирген. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөнү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Чек ара кызматы билдиргендей, эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжал 27-январда болжолдуу саат 17:20да Кыргызстандын Баткен облусунун Аксай айылдык кеңешинин тургундарынан турган 50 адамдын белгисиз тобу Ходжаи-Аъло калктуу пунктунун аймагындагы көпүрөдө тажик жаранын «Портер» үлгүсүндөгү унаасын мажбурлап токтоткондуктан башталганын билдирди.

Ошондой кыргыз тарап жолгушууга келгендин ордуна Тажикстандын «жай тургундарына өздөрүнүн ок атуу куралдары менен ок чыгарышкан» деп маалымдайт.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөрүн билдиришкен. Кыргызстандын Чек ара кызматы «эки тараптын жарандары жабыркаган кагылышуунун тажик тарап атайылап уюштурду» деп белгилеген.

Ошол эле маалда Тажикстандын чек арачылары «кыргыз тарап ок атууну токтотпой, учкучсуз учуучу учактарды колдонуп Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдирген.

Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы бул айыптоого Тажикстан «маалыматты бурмалап жатат» деп жооп кылды. Ошондой эле Тажикстандын чек арачылары өлкөнүн аймагында чалгындоо жүргүүзүү максатында акыркы учурда учкучсуз аппараттарды колдонуп жүргөнүн билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматы акыркы убакта кыргыз-тажик чек арасында «чагымчылдык көбөйгөнүн» белгиледи. Мекемеден «тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруунун ордуна анын күчөшүнө салым кошкон» деп эсептейт.

Түндө Чек ара кызматы Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунудагы жолугушуу аяктап, анын жыйынтыгы менен ок атууну токтотуу макулдашылганын кабарлаган.

28-январь эртең менен Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экени маалымдалды. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдын таңына карата Баткен облустук ооруканасына чек арадагы ок атууда жабыркаган 11 адам жаткырылганын маалымдады. Түрдүү жараат алган жарандардын абалы орточо деп бааланууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чек арадагы чырга байланыштуу «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.