«Балдардын ден соолугун өлтүрүп жатпайсыңарбы». Депутат радиацияны изилдөөнү талап кылды

Бишкек ЖЭБи

Депутат Султанбай Айжигитов Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча парламенттик комитетинин 21-февралдагы отурумунда Бишкек шаарынын радиактивдүү фонун изилдөөнү талап кылды.

Айжигитов буга чейин социалдык тармактарда* «жаш балдардын чачында радиациянын жогорку дегээли аныкталган» деген маалымат тараганын белгилеп, Бишкек мэриясы бул боюнча изилдөө жүргүзгөнбү деп кызыкты.

*Kaktus.Media басылмасы 15-февралда макала жарыялаган. Анда өнүгүүсү кечеңдеген балдардын чачында урандын жогорку концентрациясы аныкталганы маалымдалган. Бул тууралуу басылмага балдарынын чачын АКШнын лабораториясында текшерткен үч ата-эне айтып берген.

Ал эми Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов алгач бул боюнча маалыматы жок болгонун айтты. Андан соң депутаттын суроосуна санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын өкүлү жооп берип, радиацияны аныктоочу жабдыктардын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен аларды аккредитациядан өткөрүү керек деди.

«Ушундай өзгөчө кырдаал болуп жатканда комиссия түзүп, кандайдыр бир чара көрүү керек да. Сиздер тынч отурасыздар», — деп нааразы болду Айжигитов.

Ошондой эле эл өкүлү он жыл мурун Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) радиациялык көрсөткүчү жогору болгон 633 тонна көмүр сатылып алынганын эске салып, учурда жагылган көмүрдүн сапатын текшерүүнү талап кылды. Айжигитов ЖЭБде кооптуу көмүр жагылып жаткандыктан Бишкекте өткөн жылдын ноябрь айында «боз кар жаады» деп божомолдоду.

«Сиздер биздин мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыңар, баарынан мурда биздин генетикалык фондубузга — балдардын, элдин ден соолугун өлтүрүп атпайсыңарбы. Бул эмне деген экономия? Муну менен ким алектенет?» — деп суроо узатты Айжигитов.

Парламенттик комитеттин отурумунда «Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомдун аткарылышы талкууланган. Депутаттар радиация маселесин кийинки отурумда кароону чечишти.

Радиактивдүү көмүр чуусу

2011-жылдын сентябрь айында Казакстандан Бишкекке 633 тонна радиоактивдүү көмүр келген. Ал Бишкек ЖЭБинде жана Чүй облусунун бир нече мектептеринде жагылган. Ошол эле жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, бир катар аткаминерлерге айып тагылган — алардын арасында учурда издөөдө жүргөн экс-депутат Аскарбек Шадиев да болгон. Бирок сот айыпталуучулардын баарын актаган.

Ал арада «радиоактивдүү көмүрдөн» улам Чүйдөгү Кошой айылында жашаган жаш балдар ар кандай оорулар менен ооруй баштады деген кабар тараган. Аталган көмүр 2017-жылга чейин Бишкек ЖЭБинин кампасында болуп, өкмөт аны жок кылуу үчүн Кара-Балта тоо-кен комбинатына жибермей болгон. Кийинчерээк көмүр толугу менен жок кылынган.