Вице-мэр Азат Узаков эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту вице-мэр Азат Узаковду эки айга УКМКнын ТИЗОсуна киргизди. Маалыматты соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Узаков мектеп курууга багытталган бюджеттик каражатты кымырып алууга шектелип 18-февралда кармалган. Аны менен чогуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин бөлүм башчысы А.Э.Ж. жана «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын башкы директору Гүлзат Токтобекова кармалган. Алар да эки айга камакка алынган.

УКМКнын версиясы боюнча, Узаков өкмөттүн аппаратында курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүн жетектеп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын сүрөмөлөө максатында коррупциялык схема уюштурган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектепти курууда Узаков бир нече жолу «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын кызыкчылыгын колдогон.

Жыйынтыгында тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш ченемдери бузулуп, объектини жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 10,8 миллион сомду түзгөн.

Белгиленгендей, мектептин курулушу иш жүзүндө бүтпөгөнү белгиленген: жертөлө кабаты, ашканасы, спорт залдын курулушу, имараттын фасады толук жабдылган эмес, айланасы жашылдандырылган эмес, өрткө каршы коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери бүткөрүлгөн эмес.

Атайын кызмат мындай текшерүү иш-чаралары бюджеттин, гранттардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен курулган бардык мектептерге карата жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.

Азат Узак вице-мэрлик кызматка 3-сентябрда дайындалган. Ага чейин президенттик администрацияда иштеген. Ал Бишкек шаардык кеңештин кызматкеринен «субординацияны сактоону» жана «кызматты сыйлоону» талап кылганы менен белгилүү.