«Такай акча алып турушкан». УКМК Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспекторун кармады

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспектору айдоочулардан пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу 22-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат инспекторлор «С.У.» жана «К.Жны» оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан «такай акча талап кылууга» шектеп жатат. Бирок УКМК шектүүлөр кайсы пункттарда иштегенин тактаган жок.

Бул фактылар боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголду.

«Азыркы учурда толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөөгө багытталган ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилет», — деп билдиришти мекемеден.

Өткөн жылдын декабрь айында УКМК Транспорт министрлигинин жана Салык кызматынын бир нече аткаминерин «коррупцияга» шектеп кармаган. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн керектөөчү товарларды алып кирүүдө коррупциялык схеманы жолго коюшкан.

Атайын кызматтан шектүүлөр товарларды өлкөгө тоскоолдуксуз өткөрүп бергендиги үчүн айдоочулардан акча алып турушканын, бул өз кезегинде өлкө казынасына зыян алып келгенин белгилешкен.

Авторлошу: Айпери Исакова

ТЕМА БОЮНЧА:

Салык кызматы менен транспорт министрлигинин аткаминерлери коррупцияга шектелип кармалды