ТИМ: Элчилик Украинадагы кыргызстандыктар менен тыгыз иш алып барууда

Украинадагы Кыргызстандын элчилиги штаттык режимде иштеп жатат жана согуштук кырдаалга байланыштуу кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта. Бул тууралуу «Клоопко» ТИМдин басма сөз кызматы  билдирди.

«Мекендештерибизге Украинанын мыйзамдарын жана тийиштүү эрежелерди сактап, жеке коопсуздук чараларын көрүүнү эскертебиз. Ал эми Украинага барууну пландаган кыргызстандыктарды жолго чыкпоого чакырабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Министрлик кыргыз жарандары укуктук жардам алуу үчүн ТИМдин Консулдук кызмат департаментине жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигине кайрылса болорун кошумчалады.

  • Кыргызстандын Украинадагы Элчилигинин номери: +380997573413 жана +380442370346;
  • ТИМдин Консулдук кызмат департаменти: +996 551 312 000 (ыкчам байланыш линиясы) жана +996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Буга чейин Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында депутат Айбек Маткеримов Украинадагы кыргызстандыктар Кыргызстандын элчилиги менен байланыша албай жатканын айткан.

Украинада эмне болуп жатат?

Орусиянын президенти 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялады. Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо». Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирген.

Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазып башташкан. Украинанын ички иштер министрлиги Киевди канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен аткылап жатканын тастыктады.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги орусиялык аскерлер Украинанын шаарларына ракета жана артиллерия менен ок атпаганын, өлкөнүн жарандарына «эч коркунуч жаралбаганын» билдирген.

«Донецк жана Луганск эл республикаларынын» күчтөрү да Украинанын позицияларына чабуул кылып жатышканы айтылды. Украинанын Чек ара кызматы орус аскерлери Беларустун жардамы менен чабуулга өткөнүн маалымдады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бүткүл аймагына аскердик режим киргизилгенин билдирди. Ал АКШнын президенти менен кабарлашканын, америкалыктар «эл аралык колдоо көрсөтө башташканын» айтты.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Орусия Украинага кол салды

Орусия «ДЭР» жана «ЛЭРдин» көз карандысыздыгын тааныды. Бул эмнени түшүндүрөт?