Журналист Абдувахаб Мониев оорудан каза болду

Абдувахаб Мониев

24-февралга караган түнү белгилүү журналист Абдувахаб Мониев каза болду. Жакындары 48 жаштагы калемгер ооруп жүргөнүн билдиришти.

Маркумдун сөөгү 25-февралда өзү туулуп-өскөн Ош облусунун Араван районундагы Чөгөм айылында жерге берилет.

Абдувахаб Мониев эмгек жолун 1992-жылы «Ош жаңырыгы» облустук гезитинде корректор катары баштаган. Андан соң «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы болуп иштеген. Ошондой эле «Учкун», «Ош жаңырыгы» жана «Эркин-Тоо» басылмаларынын башкы редактору болгон.

Кесиптештери Мониев журналист, публицист гана эмес коомдук саясий иштерге дагы активдүү катышып жургөнүн белгилешет.

Мындан сырткары ал «Генерал Ысакбек» патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон.