«Дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз». Казакстанда Жапаров менен Мишустин жолукту

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров «Орусия менен кызматташуу [Кыргызстан] үчүн тарыхый жана маданий жактан алып караганда өзгөчө мааниге ээ» деп билдирди. Бул тууралуу ал 24-февралда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушууда айтты.

Мишустин менен Казакстанда өткөн жолугушууда Акылбек Жапаров ага президент Садыр Жапаровдун сөздөрүн да жеткирди: «Ал биз Орусия менен 200 жыл бирге болгонбуз, дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз деди. Андан ары болжобойбуз, бирок бирге болгонбуз жана боло да беребиз».

Минкабдын төрагасы Кыргызстан мындан ары да Орусия менен мамилесин чыңдай берүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

Жапаровдун сөздөрү Орусия өкмөтүнүн сайтындагы стенограммада жарыяланган. Бирок Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтында мындай сөздөр жазылган эмес.

Минкабдын төрагасы бул билдирүүсүн Орусия Украинага 24-февралда куралдуу кол салган шартта жасады.

Тема боюнча: Украина: Орусия Киевди ракеталар менен аткылап, Чернобыль АЭСин басып алды