Украина: Орусия Киевди ракеталар менен аткылап, Чернобыль АЭСин басып алды

Киевдеги ракета тийген үй. Сүрөт: Виталий Кличконун Твиттер барагы

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус чабуулунун биринчи күнүндө 137 украиналык каза таап, дагы 316 адам жарадар болгонун билдирди.

Орус тараптын жоготуусу тууралуу азырынча расмий маалымат жок, бирок Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Орусия Украинада «800гө чукул аскерин жоготконун» айтууда.

Украинанын ИИМи орус аскерлери 25-февралдын таңында борбор калаа Киевди ракета менен аткылап баштаганын айтышты. Ок атууга калктуу конуштар дагы кабылган. Ракеталардын бири турак үйгө түшкөн.

Түндө Киевге азырынча тааныла элек учуучу аппарат кулады. Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко ал Орусиянын атып түшүрүлгөн учагы экенин билдирди, бирок бул маалымат тастыктала элек. Дагы бир версия боюнча, Орусиянын ракетасы Киевдин үстүнөн Украинанын Су-27 учагын атып түшүргөн.

25-февралга караган түнү Украинанын президенти калкты жапырт мобилизациялоо жарыялады.

24-февралдын кечинде Украина президентинин кеңсесинен орус армиясы Чернобыль АЭСинин аймагын басып алганын кабарлашкан.

«Орус аскерлеринин бул багыттагы таптакыр маанисиз чабуулунан кийин ЧАЭС коопсуз деп айтууга болбойт», — деп эсептейт президенттин кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк. Ал ошондой эле орус аскерлери Киевден 10 км аралыкта жайгашкан «Антонов» аэропортун басып алышканын айтты.

Подоляк кошумчалагандай, 24-февралда Украинанын Сумск жана Харьков облустары «орус аскерлеринин толук кандуу соккусунда калган». Натыйжада орусиялыктар облустук борборду, Сумы шаарын басып алышкан.

АКШнын президенти Жо Байден Орусияга карата жаңы санкцияларды жарыяларды. Санкциялар өз ичине Орусияга жогорку технологияларды импорттоону 50%га чектөөнү, ошондой эле орусиялык «Сбербанк» жана ВТБ банктарына каршы санкцияларды камтыйт.

Байден АКШ Орусия менен согушпай турганын, бирок НАТО өлкөлөрүн коргоо үчүн Европага кошумча күчтөр киргизиле турганын айтты.

Европа Биримдиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизди: анын технологияларга жеткиликтүүлүгүн чектеди, Орусияга учактар менен авиажабдыктарды сатууга тыюу салды, ошондой эле банктык рынокко, орусиялык (анын ичинде коргоочу) компанияларга таасири тие турган финансылык санкцияларды салды.

Орусияда 24-февраль күнү кечинде көпчүлүк шаарларда адамдар Украинада болуп жаткан согушка каршы нааразычылык акциясына чыгышты. «ОВД-Инфо» басылмасынын маалыматына ылайык, полиция 58 шаардагы нааразычылык акцияларынан жалпы 1789 адамды кармаган.

Буга чейин эмне болгонун төмөнкү материалдардан окуңуз: