Орусия өлкөнүн түштүгүндөгү 12 аэропорттун ишин убактылуу токтотту

Росавиация 24-февралда Орусиянын түштүгүндөгү 12 аэропорттун ишин 2-мартка чейин убактылуу токтотту. Бул тууралуу «Интерфакс» жазды.

Бул тизмеге Ростов-на-Дону, Краснодар, Анапа, Геленджик, Элиста, Ставрополь, Белгород, Брянск, Орёл, Курск, Воронеж, Симферополь шаарларынын аэропорттору кирди.

Аны менен катар 24-февралдын таңынан бери Москва аэропортторунда онлайн таблого каттамдар токтотулганы тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат.

Росавиация аба кыймылына чектөө киргизилгенине байланыштуу, жакын арада уча турган жүргүнчүлөрдөн жана тосуп алуучу, узатуучулардан аэропортторго келбей турууну, акыркы кабарлар менен расмий сайттардан таанышууну өтүндү.

24-февралга караган түнү Орусиянын президенти Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган.

Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо». Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирген.