Роскомнадзор Орусияда Facebook түйүнүнүн трафигин чектеди

Роскомнадзор 25-февралда Facebook социалдык тармагынын трафигин азайтты, ал эми Орусиянын Башкы прокуратурасы соцтүйүндү орусиялыктардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга катыштыгы бар деп тапты. Бул тууралуу Роскомнадзордун расмий сайтына жарыяланды.

Facebook.

Маалыматта Facebook орусиялык төрт ЖМКнын — «Звезда» телеканалынын, «РИА Новости» маалымат агенттигинин, «Лента.ру» жана «Газета.ру» интернет сайттарынын — расмий аккаунттарына чектөө киргизүү менен Орусиянын мыйзамдарын бузду деп билдиришти.

Роскомнадзор чектөөлөрдү алып салууну жана чектөөнүн себебин түшүндүрүүнү талап кылып Meta компаниясына кайрылганын билдирди. Бирок социалдык тармактын негиздөөчүлөрү кайрылууга жооп берген эмес.

Meta компаниясынын вице-президенти Ник Клегг компания орус бийлигинин талаптарын аткаруудан баш тартканын билдирди. Анын айтымында, Мета фактыларды көз карандысыз текшерүүнү жана контентке марка коюууну улантат.

Ошондой эле Facebook Орусиянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына дагы жарнамага жайгаштырууга жана платформаны дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун монетизациялоого тыюу салды.

«Биз ошондой эле Орусиянын мамлекеттик ЖМКын маркировка кылууну улантабыз. Бул өзгөртүүлөр киргизиле баштады жана дем алыш күндөргө чейин уланат», — деп жазды Facebook’тун коопсуздук саясат бөлүм башчысы Твиттерге.

Ошондой эле, 24-февралда орус аскерлери Украинаны басып кирген күнү Роскомнадзор орусиялык маалымат каражаттары «Украинадагы Орусиянын аскерий операциясы» тууралуу материалдарды жазып жатканда расмий орусиялык булактарга гана таянууга милдеттүү экенин билдирген. Ведомстводон жалган маалымат таратканы үчүн беш миллион рублга чейин айып салуу жана материалдарга бөгөт коюу каралганын эскерткен.

Ошол эле учурда орус бийлиги Украинадагы согуштун жүрүшү тууралуу маалымат берген эмес. Украинанын президентинин кеңсеси 3500 орусиялык аскер каза тапты деген маалымат жарыялаган, ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги дагы деле жоготууларын ачыктаган эмес.