Алдын ала жыйынтык: Биринчи май округу боюнча Элвира Сурабалдиева алдыда

Элвира Сурабалдиева.

Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунан кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча экс-депутат Элвира Сурабалдиева алдыга чыкты.

БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, автоматтык эсептөөчү урналардын 100%ы саналып бүттү. Ал эми Сурабалдиева үчүн 9 209 адам же шайлоочулардын 46,09 %ы добуш берген.

Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. БШКнын сайтынын скриншоту. 

Ал эми экинки орунда экс-депутат Нурбек Тотонов келе жатат. Анын таларкерлиги үчүн шайлоочулардын 17,73%ы же 3 543 киши добуш берген.

Биринчи май шайлоо округу боюнча жалпы 113 105 шайлоочу бар, алардын 19 982си же 17,67%ы кайра шайлоого катышты.

Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Бирок шайлоодо Свердлов жана Биринчи май округунда «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган.

Бүгүн, 27-февралда, аталган эки округда кайрадан парламенттик шайлоо өттү. Жогорку Кеңешке кайра шайлоодо №27 Биринчи май округунан 25, №29 Свердлов округунан 25 талапкер депутаттыкка ат салышты.

«Клооптун» байкоочулары кайра шайлоого байкоо салышууда. Үч шайлоо тилкесинде — №1337, №1313 и №1213 — алар адамдар шайлоочулардын идентификациялык номурун жазып жатышканына күбө болушкан. Башка участоктордо добуш берүүнүн купуялуулугу жана үгүт материалдарын таратуу боюнча бузуулар катталган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Шайлоо 2022: БШК кайра шайлоодо келип түшкөн арыздар боюнча маалымат берди